2024-жылдын 7-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2023-жылдагы жыйынтыгы жана приоритеттүү перспективалары”, “Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Журналистика жана коммуникация институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, орус тилинин теориясы жана практикасы кафедрасынын доценти, п.и.к. Чепекова Гулмира Саалиевнага, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти, ф.и.к. Осмонова Наргүл Ыманалиевнага жана экологиялык жана жер укугу кафедрасынын доценти, ю.и.к. Казакбаев Медетбек Кубатбековичке “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери талапкер тууралуу маалымат берген соң, талапкерлерге жашыруун добуш берүү өткөрүлдү. Мурунку отурумдардан айрымаланып, бул жолку добуш берүү бюллетень эмес, QR-код аркылуу жүргүзүлдү.

Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри, мурдагы мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси, “Манас” орденинин ээси, КУУнун бүтүрүүчүсү Ибраимов Осмонакун Ибраимовичке “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган соң, төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Чет тилдер факультетинин англистика жана маданияттар аралык байланыш кафедрасынын ага окуутучусу Акунова Гулнара Такеевна тарабынан англис тилинде даярдалган “Сombination of teaching approaches: integration into the foreign language classroom” аттуу окуу куралына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө;
  2. Физика жана электроника факультетинин теориялык жана жалпы физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Усенканов Джумабай Осмонбековичти кандидаттык диссертациялык иштерге жетекчи болууга Улуттук аттестациялык комиссиясына сунуштоо жөнүндө;
  3. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Сыдыкова Махабат Бейшенбековнаны жеке арызы боюнча мүчөлүктөн чыгаруу жөнүндө;
  4. “КУУнун гранттары боюнча илимий изилдөөлөрдүн конкурсу жөнүндө жобону” бекитүү жөнүндө;
  5. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тузүлгөн жылын тактоо, аныктоо жана ректорлордун галереясынын маалыматтарын толуктоо боюнча комиссиянын 2023-жылдын 27-ноябрында болуп өткөн отурумунун №2 протоколун бекитүү жөнүндө;
  6. Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун алдында “Санариптик технологиялар” окуу борборун ачуу жөнүндө;
  7. “Профессор Эсенбек Мамбетакуновдун илимий мектеби” аттуу китепти жарыкка чыгаруу жөнүндө;
  8. География, экология жана туризм факультети менен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде магистратура багыттарын ачуу жөнүндө.

Каралган маселелер боюнча окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев маалымат беришип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

“КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2023-жылдагы жыйынтыгы жана приоритеттүү перспективалары” туралуу илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев өтө терең, мазмундуу жана көрсөтмөлүү баяндама жасады.

Андан кийин трибунага кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев (отчет) менен журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк (видео-отчет) чыгышып, өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган пландын 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу отчет беришти.

Жыйындын жүрүшүндө о.э гараждагы ремонтунун чыгымы базар баасынан кымбат болгон эски автоунааларды аукционго коюу, мебель цехин ачуу жана УИА жамаатынын академик Алтай Бөрүбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу демилгесин колдоо жөнүндө маселелер каралып, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүнүн колдоосуна ээ болду.

Добавить комментарий