2025жылдын 30-октябрь күнү математика жана информатика институтунда Кыргыз улуттук университетинин 100жылдыгына арналган «Бир кылымдык  тарых-бул жөн гана жылдар эмес» темасында салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чараны институт директору Изат Усенов ачып, жыйындын катышуучуларын КУУнун 100жылдык юбилейлик күнү менен куттуктап, университетибиздин өсүп өнүгүшүндө математик агай-эжейлердин эмгеги чоң экендигин баса белгилеп кетти. Ал о.э. ааламдашуу доорунда университеттин заманбап талаптарга жооп берүүчү ийгиликтүү ишмердигин, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы татыктуу ордун эске алсак, университеттин жетекчилигинин терең ойлонулган чечимдери, ошондой эле окутуучулук-профессордук курамдын ишке болгон ийкемдүү жана чыгармачыл мамилеси университетке ийгилик алып келди. Акыркы жылдары жүргүзүлгөн системалык реформалардын натыйжасында КУУ заманбап көп профилдүү билим берүүнүн, илим изилдөөнүн, эл аралык кызматташууда жетишерлик бай тажырйбасы бар окуу жайга айланганын айтты.

Профессор Керим Бараталиевдин айтымында, окутуучулардын ролу биздин жашоодо баа жеткис, анткени алар жаштарды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге умтулууга үндөп, позициясы күчтүү, өз идеяларын коомчулукка жеткире билген келечек ээлерин тарбиялоодо зор салым кошуп, бүткүл чыгармачыл кудуретин студенттерге жумшап келерин белгилеп, КУУ жүз жыл ичинде миңдеген билимдүү, акылман, мекенчил адистерди тарбиялап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келерин белгиледи.

Улуттук университеттин ардактуу профессору Бурулжан Назаркулова мындай деди:

Мен В.В.Маяковский атындагы КК-КПИде математика адистиги боюнча 1960-65-жылдары билим алгам. 1976-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Кыргыз улуттук университетинде эмгектенип, быйыл университеттеги эмгек жолума 48жыл толду. Жарым жылга жакын үзүрлүү эмгегимдин натыйжасында, улуттук университеттин «Ардактуу профессору» наамына ээ болдум. Азыркы кезде КУУ өлкөбүздүн ЖОЖдор арасындагы лидерлердин бири катарында жаштар арасында абройго ээ болуп, республикада гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү болду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100жылдыгы кут болсун, билимдин жарыгы өчпөсүн! Билим булагы, илимдеги бийиктиктерден ар дайым алдыңкы орундарды алып, ийгилик менен өнүгүү ар дайым коштосун.

Иш-чаранын жүрүшүндө, чогулуштун катышуучулары баардык илимдер боюнча билим берүү, илимий-изилдөө, маданий агартуучу ишмердүүлүк, үзгүлтүксүз билим берүүнүн баардык деңгээлинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик уникалдуу окуу жай, тагыраак айтканда ЖОЖдордун флагманы аталган Кыргыз улуттук университетинин 100жылдык тарыхы боюнча кеңири маалымат алышты.

Иш-чаранын экигчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыгында институттун окутуучулары жана студенттери директорат тарабынан «Ардак грамоталар» менен сыйланды.

Бүгүнкү иш-чара КУУнун 100жылдыгына жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги багыттарынын бири саналган таалим тарбия, илим, билим жана маданият жаатында өтүп, жаштардын мекенга болгон сүйүүсүн күчөтүп, элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган өлкөбүздүн жаштарын тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн КУУнун окутуучу-профессорлор курамына терең ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты, Сиздерге эң негизгиси чың ден соолукту, чыгармачылык эргүүнү, ишиңиздерге ийгиликтерди жана бакубат жашоону каалайбыз!

(С) Бактияр Раманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий