2024-жылдын 4-март күнү кыргыз филологиясы факультетинде түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан бакалавр, магистратура жана PhD докторантуранын «Лингвистика» «Филология», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты», «Тарых» багыттарында билим алып жаткан студенттери үчүн уюштурулган “Түркологиялык окуу –I” сериясынын акыркы 7-онлайн лекциясы болуп өттү.

Сабакка Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү, Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин түркология кафедрасы, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмү, Кавказ университети, Кыргыз-түрк “Манас” университети, Азербайжан педагогикалык мамлекеттик университети жана Түштүк Кореянын Инха университетинин бакалавр, магистратура бөлүмдөрүндө окуган сексенден ашуун студенттери жана жаш илимпоздор катышышты.

Лекцияны адаттагыдай бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева ачып, андан соң лекторго сөз кезегин узатты.

Бүгүнкү коногубуз Кыргыз-түрк “Манас” университетинин  профессору, доктор Озан Йылмаз мырза “Классикалык түрк адабиятынын жайылуу ареалы” аталышында өтө кызыктуу баяндама жасады.

Баяндамада “классикалык түрк адабияты” термини боюнча жалпы  маалымат берип, Түркистан, Анатолия, Индия, Египет, Хорасан, Азербайжан, Иран жана Балкан чөлкөмдөрүндө жашап өткөт түрк тектүү Жусуп Баласагын, Низами, Дехлеви, Жихан Шах (Хакики), Навои, Нежати Бег, Авни (Фатих Султан Мехмед), Мухибби (Султан Сулейман), Байкара, Гаври, Хатаи, Фузули, Шайбани, Бабур, Гиай, Байрам Хан,  Будынли Хисали (Венгриялык), Хасан Зиялы (Босниялык), Назим (Албаниялык), Шаиб Тебризи, Хасан Шуури, Нами, Чарлс Вернет сыяктуу акын-жазуучулар жана ойчулдардын эмгектериндеги түрктөр жөнүндөгү маалыматтарга, тилдик жалпылыктар тууралуу кеңири маалымат берип өттү. Түрк дүйнөсүнүнө тиешелүү баа жеткис адабий үлгүлөрүнүн болушу жана аладрдын тарыхый мурас катары илимий жактан такталгандыгын баса белгилеп, түрк классикалык адабиятынын жайылуу ареалынын өтө чоң масштабга ээ экендигин бир катар мисалдар аркылуу презентация аркылуу көрсөтүп түшүндүрүп берди.

Лекторго катышуучулар түрк адабиятынын жайылуу чөлкөмдөрүндөгү орток темалар, мотивдер, адабий тил, чагатай доорунун өзгөчөлүктөрү, өкүлдөрү тууралуу суроо берип, аны менен катар кызыктуу илимий маалыматтар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Андан соң бөлүм башчысы, ф.и.к., улук окутуучу Бурул Элебеесова  Кыргыз-түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмү менен жигердүү кызматташтык жүргүзүлүп жаткандыгын кубануу менен айтып, баяндамачыга кызыктуу маалыматтары үчүн ыраазычылыгын билдирип, сөздү факультеттин деканы, доц. Б. Жайлообаевге берди. Декан ректордун атынан баяндамачыга кызыктуу лекция үчүн жеке өзүнүн, факультеттин эмгек жамааты жана университетибиздин ректору, проф. Т.А. Абдырахмановдун ыраазычылык катын окуп берди.

Өнөктөш университеттерден катышкан боордош кафедралардын өкүлдөрү Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы Рохила Рузманова, Азербайжан педагогикалык мамлекеттик университетинин доценти Егана Кахраманова, Түркиянын Дижле университетинин улук окутуучусу Абдулмукаддес Кутлу жана Ахмет Ясави университетинин атынан Эрдал Эрдоган Кылынч да тема боюнча ойлорун айтышып, баяндамачыга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Лекциянын соңунда уюштуруучулар Фаризат Курамаева жана Бурул Элебесовалар окумуштуу илимпоздорго жасаган баяндамалары үчүн жана угуучуларга үзгүлтүксүз терең ынтызарлык менен жигердүү катышып бергендиктери үчүн өзгөчө курсант экендигин белгилеп, кийинки “Түркологиялык окуу -II” сериясында түркологиянын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу үчүн кайрадан жолугушууга чакырышты. Ошондой эле лекциялардын жүрүшү боюнча docs.google аркылуу кайтарым байланыш сурамжылоосуна катышып берүүнү өтүнүштү.

Окуулардын жүрүшүндө ар бир лекцияга активдүү катышуучулары М. Жакшылыкова, С. Йалчынкая, Ш.Камчыбек кызы, М. Арслан, Ө.Четин, Т.Түлүбаш, Й. Карадаг, А. Каракөй, М. Өзсу, Э. Адак, М. Эсенди 2024-жылдын 6-мартында ректордун катышуусунда университетибиздин башкы имаратында өтө турган сертификат тапшыруу аземине катышууга чакырылды.

“Түркологиялык окуу – I” лекциялар сериясынын жыйынтыктоо жана сертификат тапшыруу аземи 6-мартта саат 14:00дө Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректоратында өтмөкчү.  

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий