Жатаканадагы ремонт иштеринен кийин, 1-февраль күнү жатаканадагы студенттер үчүн кир жуучу автомат машина коюлуп, кийим үтүктөчү бөлмө ачылды. Профуюм берген тефалдар жатаканын ар-бир ашканаларына коюлду.

17-февраль күнү демөөрчүүлөр тарабынан жатаканын 1-этажындагы жыйындар залына килем алынып келинди.

26-февраль күнү жатаканадагы китеп окуучу жайына компьютерлер орнотулуп, интернет,  wi fi коюлду. Жатакананын активист студенти Майрамбек уулу Нурдөөлөттун, коменданттын идеялары  менен «Бир  бөлмөдөн бир китеп» иш-чарасы болуп, ар-бир бөлмөдөн китептер чогултулуп, жатаканын китеп окуучу жайына 100дон ашуун китептер коюлду.

Ар жуманын Шейшемби күндөрү “Дил мүрөк” уюмунун жетекчиси Темирлан Акматалиев тарабынан “Тарбиялык сааттар” өткөрүлүп  жатат.

Маданият жанылыктары;

  • Кино режиссер Тынчтыкбек Бугучиевдин “Элес”, “Жаны Күч”  кинотасмалары жатаканада  көргөзүлдү
  • 14-февраль “Китеп  белекке берүү” күнүндө жатаканадагы активист студенттер тарабынан  “Поэзия” кечеси уюштурулду
  • 22-февраль күнү студенттер тарабынан “Ата Мекенди коргоо күнүнө карата концерт уюштурулуп, концертке жатаканалар боюнча директору Б.Н.Шабданов жана факультет декандардын орун басарлары, инситут директорлорунун басарлары, 5-жатаканын студенттери келишти. 

Спорт жаңылыктары;

  • Кыргыз Республикасынын Комбот Джи-Джитсу чемпионатында  63 кг.салмакта Ысманов Алишер 3-орунга, ошондой эле 74кг.салмакта Кубанычбек кызы Жанетта 2-орунга ээ болду
  •  Кыргыз Республикасынын бел боо күрөшү боюнча 2-орун, алыш бел боо боюнча 3-орундарды камсыздаган 90 кг.салмакта Зияпова Айкөл. 86кг.салмакта ал эми Муратбек уулу Анвар Бел Боо күрөшүндө 3-орун ээ болду
  • Жатакананын кыздары Кыргыз Ислам университеттинин кыздары менен волейбол оюнунун ийгиликтуу өткөрүп келишти
  • Халбаев Хайрулло Кытай Эл Республикасынын Үрүмчу шаарында эркин курош боюнча мелдеште 3-орунга ээ болуп, ошондой эле 2 жумалык окуу-машыгуусунан (сбор) өтүп келди.
  • Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ачык спорттук мелдешинде 72 кг салмакта 3-орун Алыкулов Бектур, 84 кг.салмакта 1-орун Кубатов Бекзат орундарды камсыздашты.

(С) Жакшылык кызы Асель – комендант

Добавить комментарий