2024-жыл 4-март күнү И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин окутуучулары менен студенттери мобилдүүлүк программасынын алкагында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине барышты.

Нуруева Жаңыл студенттерге «Башталгыч математика курсун окутуунун методикасы» сабагынан   «Аянт түшүнүгүн окутуп, үйрөтүүнүн методикасы» темасында ачык сабак өттү, ал эми педколледждин 17 студенти окутуучу Нусупова Гулзаданын “Эне тили жана аны окутуунун усулу”, Конокбаева Калыйпанын “Башталгыч математиканы окутуунун негидери” сабактарына катышты.

Исмаилова Гүлзат, Байтокова Айнура, Мадиярова Кенжайым БМПКнын мугалимдери үчүн «Сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрү» жана «Педагогдордун эмоционалдык чарчоосун алдын алуу» темасында семинар-тернинг өтүшүп,  кесиптештердин зор талкуусун жаратты.

БМПКнын  администрациясы окутуучуларга жана студенттерге  ыраазычылык айтышып, кызматташтык мындан ары да улануусуна тилектеш экендигин билдиришти.

(С) М.Т.Шарабидинов – педколледждин башчысы

Добавить комментарий