2025-жылдын 20-ноябрында И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Кыргыз тилин (эне тили) окутуунун абалы” деген темада кеңешме болуп өттү.
Жыйынды аталган министрликтин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Г.У.Ибраимова алып барды. РИППКнын ага окутуучусу Р.У.Ибраимова “Кыргыз тилин эне тил катары окутуунун абалы боюнча талдоо жана сунуштар” деген темада презентация жасады.
Кеңешмеге КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын кызматкерлери, Ж.Баласагын атындагы КУУдан, К.Карасаев атындагы БГУдан, И.Арабаев атындагы КМУдан, Ала-Тоо эл аралык университетинен окумуштуулар жана Бишкек шаарынын кыргыз тили мугалимдери катышты жана аталган маселени талкуулашты.
Жыйында Гүлжамал Жаманкулова кыргыз тилин эне тил катары окутуунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу өзүнүн ой-пикирин, сунуштарын айтты.