2025-жылдын  21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Спорттун кышкы түрлөрү боюнча инструкторлор ассоциациясынын жетекчиси Канат Мурзабек уулу жана бирикменин мүчөсү Асель Омуркулова География, экология жана туризм факультетинин “Туризм” багытында окуган 2чи жана 4ү курстардын студенттерине конок лекция өтүштү.

Келген конокторду туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Байсеитова М.Р. студенттерге тааныштырып, сөз баштап берди. 

Лекциянын жүрүшүндө Канат мырза өзү жетектеген уюмдун, алып барып жаткан иштери, Кыргызстандагы кышкы туризмдин түрлөрү, абалы, сертификацияланган  кесипкөй жана эл аралык деңгээлге жооп бере турчу инструкторлорду даярдоо курстары,  колдонулуучу шаймандар менен тааныштырып,туура пайдалануу жолдорун айтып берди. Уюмда иштеп жаткан инструкторлор Швейцариядан  билим алып келген, ISIA стандарттары боюнча расмий окутуу борборлорунда сертификациядан өткөндүгүн айтты. Канат мырза чоңдор жана балдар үчүн лыжа тебүү, шаймандарды туура пайдалануу ыкмалары жазылган эл аралык стандартка туура келген, үч тилде жарык көргөн  колдонмолорду презентациялады. Студенттерди ыктыярчы катары лыжа базаларында уюштурулуучу иш-чараларга катышуусуна чакырды. Лекция абдан кызыктуу жана маалыматтарга бай  болду,студенттер кызыккан суроолоруна жооп  ала алышты.

Иш-чаранын соңунда туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын жамааты уюмдун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады жана мындан ары да чогуу  тыгыз иш алып барууну сунушташты.

(С) Байсеитова М. Р. – туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу  

Добавить комментарий