Кыргыз филологиясы факультетинин “Филология (кыргыз)” багытынын 4-курсу жана “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистигинин 5-курстары Бишкек шаарындагы №2, №51, №68 жана №78 орто мектептерде педагогикалык практикадан өтүп келишти.

Педагогикалык практиканы жыйынтыктоо боюнча өткөрүлгөн жыйында студенттердин практика учурунда алган тажрыйбалары, аткарылган милдеттери жана ийгиликтери айтылды.

Практика учурунда практиканттар  мектептеги окуу-тарбия иштерине катышып, сабак өтүү менен катар эле, тарбиялык сабактарды дагы өтүштү. Жыйында ачык сабактардын презентациялары көргөзүлүп, алар боюнча кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Аягында педагогикалык практикада көрсөткөн мыкты ийгиликтери жана жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн айрым студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.

Педагогикалык практиканын жүрүшүндөгү артыкчылыктар белгиленип, аны жакшыртуунун жолдору аныкталып, келечекте мугалимдик кесипте жакшы ийгиликтерди жаратат деген ишенимде иш-чара жыйынтыкталды.

(С) Аскар кызы Жылдыз – кафедра башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий