2025-жылдын 24-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинже «Миру — Мир!» аталышындагы студенттердин эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Кино тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, кино аркылуу тарыхты жеткирүү, тажрыйба алмашуу жана Улуу Жеңишти эскерүү максатында өткөрүлүп жаткан фестивалга Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголиянын студенттери катышууда.
Фестивалдын ачылышында Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк кинематограф согуш темасын жаштарга туура, адамдык жана руханий өңүттө жеткирүүдө чоң роль ойной турганын белгилеп, фестивалда көрсөтүлүүчү тасмалардан жаркын жылдыз чыгышына тилектеш экенин билдирди.
Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Екатерина Чистова Улуу Жеңиш — элдерди бириктирген жалпы тарых экенин баса белгилеп, маданий диалогдун маанисине токтолду.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Антон Шипулиндин жардамчысы жана «Георгий Победоносец» уюмунун директору Александр Измайлов тарыхты сактоодо коомдук демилгелердин ролун белгиледи.
Фестивалдын кадырлуу коногу, Россиянын белгилүү театр жана кино актёру Игорь Петренко студенттерге кинонун тарыхый эстеликти сактоодогу орду тууралуу айтып, бүгүнкү маалыматты бурмалоо доорунда кино аркылуу тарыхый окуяларды жайылтуу маанилүү экенине токтолду. Ал кинофестивалдын калыстар тобунда болуп, студенттерге мастер-класс да өтмөкчү.
Сыйлуу коноктордун арасында «Звезда» телекомпаниясынын продюсери Евгений Исаев да бар.
Эскерте кетсек, Фестиваль 26-ноябрга чейин уланып, тасмалар Бишкектеги «Россия» кинотеатрында көрсөтүлөт. Конкурсанттар кыска метраждуу, документалдык фильмдерин жана анимациялык долбоорлорун тааныштырат.