2024-жылдын 16-февралында Өзбекстандык окумуштуу, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Абдуллаазиз Артикбаев матфактын студенттерине “Жарым евклиддик мейкиндиктин геометриясы” деген аталыштагы конок лекциячын окуду.
Алгач, академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТЖМО кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., проф. Канетов Б.Э. профессорду студенттерге жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамына профессор А.Артикбаевди жана ф.-м.и.д., проф., УИАнын мүчө-корреспонденти, ОшМУнун профессору Г.Матиева баштаган ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Бопоева Г., ф.-м.и.к., доцент Папиева Т., ф.-м.и.к., доцент Курбанбаева Н., ф.-м.и.к., доцент Абдуллаева Ч. жана кафедранын аспиранттарын тааныштырды.
Жарым евклиддик геометриянын тургузулушун угуучуларга профессор өзүнүн топтогон мыкты тажырыйбасы менен жогорку чеберчиликте жеткиликтүү түшүндүрдү. Лекциянын жүрүшүндө ал Галилео метрикасын айтып жатып, “Менин бул галилео метрикасын киргизүүдө Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы жана Кыргыз элинин бул метрикага тиешелүү болгон түшүндүрмөлөрү зор түрткү болду”, – деп сөзүн андан ары улады. “Мен ал кезде Чычкан капчыгайында эс алып жүргөн кезим эле. Бир күнү айылдын бир тургунуна жолугуп, андан мен жакынкы айылдарга кантип жетээримди жана аралыктары канча экенин сурап калдым. Ал киши мага бул айылга ушунча саатта, ал эми тигил айылга мынча саатта жетесиз деп, негедир аралыктарды “убакыт” менен айтканы мени өзгөчө таң калтырды. Андан кийин менде кылт этип ой пайда болду, эки чекиттин арасындагы аралыкты биз кадимки көнүп калган эле метр же километр менен эле эмес башка түшүнүктөр менен дагын туюнтууга мүмкүн экенин мен ошондо гана түшүнүп галилео метрикасы түшүнүгүн киргизгенмин, менин ошол айылдын тургуну менен таанышып сүйлөшкөнүм жана ажайып кооз жаратылыш ал ачылышыма чоң түрткү болду” – деп, ал метриканын кандайча аныкталып калганын студенттерге кызыктуу кылып айтып берди. Профессор А.Артикбаев киргизген галилео метрикасы дифференциалдык геометриянын жарым евклиддик теориясында негизги ролду ойнойт.
Кызыктуу лекциядан кийин студенттер профессорго көптөгөн суроолорун берип калууга жетишишти. Аларды кызыктырган суроолор: эмне үчүн математиканы тандап алдыңыз, кантип ачылыштарды жасоого болот, магистратураны Өзбекстандын жогорку окуу жайларында улантууга болобу, аспирантурага тапшырууга мүмкүнчүлүк барбы, сиз илимий жетекчи болуп берүүгө даярсызбы, сиз иштеген жогорку окуу жайы, анда окуган студенттер менен жолугуп сүйлөшүп жакындан таанышууга мүмкүнчүлүктөр барбы ж.б. кызыктуу суроолорго профессор өзүнүн жообун берди. Дискуссия аябай кызыктуу болуп белгиленген убактан бир топ ашык убакытка чейин созулду. Ал студенттерди өзү иштеген Ташкент мамлекеттик транспорт университетине жана М. Улукбек ат. Өзбекстан улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк боюнча келип кетүүсүн чакырды жана жардамын аябарын, илимий жетекчи болуп берүүгө о.э. өзгөчө Ж. Баласагын ат. бул кафедранын окумуштуулары менен тыгыз байланышта иш алып барууга даяр экенин айтты. Аягында студенттер жана агай-эжекелер, анын ичинде УИАнын мүчө-корреспонденти Г.Матиева, проф. К.Бараталиев, проф. А.Алыбаев доц. А.Сабыканов жана доц. М.Абдраимова профессорго кызыктуу лекциясы жана маеги үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришти.
Андан кийин профессор А.Артикбаев жана ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын мүчөлөрү академик А.А. Бөрүбаев ат. АГТЖМО кафедрасынын коллективи менен жолугушту. Жолугуушууда алар иштеген үч кафедранын кызматташуусун илимий метрика, илимий коллаборация жана академиялык мобилдүүлүк, конок лекцияларын байма-бай пландуу уюштуруу боюнча сүйлөшүп керектүү чечимдерди кабыл алышты. Жолугуушуунун аягында кафедра башчысы проф. Б.Э.Канетов келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, каалоосун айтып бул багыттагы иштерди жүргүзүүгө кафедра даяр экенин билдирди.
(С) Б.Э.Канетов – АГТЖМО кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., проф.