2024-жылдын 15-февралында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Фаризат Курамаева жана Бурул Элебесова Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата Бишкектеги Түрк тилин үйрөтүү борборунда өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсү жана Түркия” аталышындагы акыл таймашына катышып келишти.

Иш чараны Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир ачып, кыргыз-түрк маданий, адабий, саясий, экономикалык байланыштар, боордоштук жана эл достугу тууралуу сөз сүйлөдү.

Акыл таймашына түрк тилин мыкты өздөштүрүп жаткан студенттерден тандалып алынган 3 команда катышып, билим күчтөрүн сынашты. Алардын ичинен Кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун студенти Бектемир Асылбеков 1-орунду багындырып, 15 миң сом баш байгени утуп алган “Şahinler” командасында ойноду.

Факультеттин студенти Бектемир Асылбековго жана катышуучуларга мындан ары да албан албан ийгиликтерди каалайбыз.

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий