2024-жылдын 15-февралында Юридикалык институттун «Укук таануу жана бажы иши» кафедрасы тарабынан  окуу планына ылайык кезектеги конок лекция «Бажы иши» адистигинде билим алып жаткан студенттер учун уюштурулду. Конок лекция Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин кызматкери, 3-класстагы юрист Алыбеков Нурсултандын катышуусунда «Бажы-укуктук  иштер боюнча соттук практика»-деген темада отту. Лекция ангемелешуу жана пикир алышуу формасында откорулуп,, студенттер оздору каалаган суроолоруна жоопторду ала алышты. Аларды окуу жайды аяктаганда кантип адистик боюнча ишке орношуу маселеси, бажы органынын озгочолуктору, бажы кызматындагы кызматтык адамдардын ишмердиги, бажы процедурасынын турлору ж.б.у.с. келечектеги кесипке байланышкан суроололор берилип, ага жооптор алынды. Лектор оз созундо мамлекеттик бажы кызматы жогорку кесипкой кызматкерлерге муктаж экендигин белгилеп, ал учун эн жакшы теориялык билим алуу керектигин баса белгиледи. Конок лекция жогорку денгээлде жана жагымдуу маанайда отту. Лекциянын сонунда Н.А.Адыбековко Юридикалык институттун директору ю.и.д., профессор К.М. Сманалиевдин атынан Ыраазычылык каты  тапшырылды.

(С) Р.Т.Ибраимов – укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы, ю.и.к., доцент

Добавить комментарий