2023-жылдын 30-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин окутуучусу Назира Жапсарбаева “Маданият таануу” сабагынан “Байыркы кыргыздардын дүйнө таанымы жана Кыргызстан дүйнөлүк цивилизациянын очогу катары” деген теманын алкагында студенттерди Улуттук тарых музейине алып барып, сабак өттү.

Өтүлүп жаткан предмет маданиятка түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, кыргыз маданиятына тийиштүү байыркы буюм-тайымдарды көрүшкөндөрү алардын практикалык жактан алган билимдеринин калыптануусуна жакшы таасир этти.

(С) Кыдыралиева Айжан — И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий