2023-жылдын 30-ноябрында 6-окуу имаратындагы 5-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Студенттик билетти» тапшырды.

Студенттерди факультеттин окутуучулары да куттукташып, өз каалоо–тилектерин айтышты.

1-курс студенттери 4 жыл бою жакшы окуп, алган билимдери менен тажырыйбаларын Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, жаштар арасындагы достукту жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, кыргыз студенттеринин салттарын көбөйтүп, аяр мамиле кылууга ант беришти.

Кеченин экинчи бөлүгү концерттик программа менен уланып, факультеттин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жыйындын соңунда, студенттик кеңештин төрагасы, 3-курстун студенти Жолдубаев Бектур мындай салтанаттуу азем студент үчүн бир жолу өткөрүлүп, өмүр бою эсте каларын айтып, 1-курс студенттерине заманбап билим алып, өз кесиптеринин татыктуу ээлери болушуна тилектеш экенин билдирди.

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттери, турмуш жолуна салган кадамынар байсалдуу болсун!

(С) Фархат Назарбаев – окуу  иштери боюнча декандын орун басары .

Добавить комментарий