2025-жылдын 17-февралында “Түркологиялык окуулар – II” лекциялар сериясынын акыркы, 6-отурумунун конок лектору, казак окумуштуусу, Казакстан Улуттук Академиясынын академиги, Ахмет Ясави университетинин түркологиялык илим изилдөө борборунун мүдүрү, фольклорист, түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор Шакир Ибраев болду. Лектор “Азыркы түркологиянын илимий парадигмасы” аталышындагы тема менен катышты.

“Түркологиялык окуулар” лекциялар сериясы 2 жылдан бери  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандык окумуштуу-илимпоздор, коомдук ишмерлер менен түрк тектүү элдердин тили, адабияты, тарыхы жана маданиятынын актуалдуу маселелери боюнча «Лингвистика (түрк тилдери)», «Филология (түрк)», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты, түркология», «Тарых», «Котормо жана котормо таануу», «Чөлкөм таануу (Орто Азия, Кавказ)» багыттарында билим алып жаткан бакалавриат, магистратура, докторантуранын студенттери жана жаш илимпоздор менен пикир алышуу платформасын түзүү максатында ишке ашырылып келе жатат.

Лекция адаттагыдай расмий ачылыш, негизги бөлүк, суроо-жооп жана жабылыш сыяктуу бөлүктөртөн турду. Алгач модератор, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева конок лекторду тааныштырып, катышуучуларга “Окуунун” жүрүшү боюнча жалпы маалымат берди.  Андан соң, расмий бөлүктө түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доц. Бурул Элебесова куттуктоо сөзүн айтып, лекторго жана баардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Негизги бөлүктө лектор Академик Шакир Ибраев алгач уюштуруучу тобу жана жалпы катышуучулар менен саламдашты. Андан соң Түркология илиминин гуманитардык илимдердин алкагындагы орду, түркологиялык изилдөөлөрдүн парадигмаларынын өнүгүшүнүн үч этабын кеңири баяндады. Муну менен катар түркология советтик илимде тил илиминин негизинде каралгандыгын белгиледи. Ал эми азыркы замандын талабы болсо, Европа антропологиясынын методологиясынын моделдерин колдонуу, анропологиянын багыттары герменевтика, социалдык, маданий, философиялык антропология ж.б.у.с. багыттары аркылуу илим изилдөөнүн жаңы ыкмаларын пайдалануу, түркологиянын жаңы баскычка көтөрө тургандыгын айтты. Түркологияны дисциплиналар аралык изилдөө, окуп үйрөнүү, окутуу менен антропологиялык парадигманынын үлгүлөрүн колдонуп, жандантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Лекция казак тилинде баяндалып, катышуучуларга түрк жана казак тилине Нигде Өмер Халисдемир университетинин Евразия изилдөөлөрү бөлүмүнүн докторанты Дилруба Абдазимова тарабынан которулду.

“Окуунун” суроо-жооп бөлүгүндө, катышуучу өнөктөш университеттердин координаторлоруна сөз берилди. Алгачкы Фырат университинен проф.др.Эржан Алкая, Өзбекстан “Жибек-Жолу” туризм жана маданий мурастар Эл аралык университетинен доц.др.Тулкин Султанов, Азербайжан Хазар университетинен доц.др.Улви Бабасой, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик уинверситетинен доц.др.Рохила Рузманова, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинен доц.др.Егане Кахраманова, Ош мамлекеттик университетинен профессор, ф.и.д. Гулина Жамгырчиева, Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинен Рахат Аскарова, ОшМУдан “Казак тили жана маданияты” борборунун башчысы Айнур Найманбай, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунан профессор, ф.и.к. Элмира Хурибаева, Кавказ университетинен Илкин Гулусой, Дижле университетинен др.Абдулмукаддес Кутлу жана жаш илимпоздор, студенттер лекция боюнча жылуу пикирлерин билдиришти. Суроо-жооп бөлүгүндө лектор белгилеп өткөндөй түркологиялык илимий изилдөөлөр жаңы баскыч, жаңы кадам, жаңы дем менен кайрадан орток салыштырма ыкмалар менен методологиялык база жаңыланышы керектигин белгилешти. Орток иштерди жүргүзүү платформаларын түзүүдө “Түркологиялык окуулардын” ролу жана орду чоң экендигин билдирип, уюштуруучулар тобуна эки айдан бери маңыздуу лекцияларды угууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Ошондой эле, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доц. Бурул Элебесова урматтуу лекторго мазмундуу баяндамасы аркылуу жаш окумуштуу жана студенттерге түркологиялык илимдин масштабдуулугу тууралуу кеңири түшүндүрүп, мотивация берип, илимпоздор катарына чакыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Модератор лекторго, жалпы катышуучуларга “Түркологиялык окууларга” жигердүү катышып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки илимий-иштерде чогуу катышууга чакырды. Ошондой эле ректордун катышуусунда лекторлорго жана “Окулардын” активдүү катышуучуларына сертификат тапшыруу аземи март айында боло тургандыгын билдирди.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы, ф.и.к.,доц.

Добавить комментарий