Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата ректордун 2025-жылдын 30-январындагы №58-буйругуна ылайык жана 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата  Кыргызстанда сабаттуулукту жогорулатуу максатында студенттерге кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери боюнча мастер-класстын сериясы өттү.

Ага И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы, доцент Касымбекова Нурида Жумагуловна чакырылып, ал “Орфография коомдук аң-сезимдин индикатору катары” аттуу темада актуалдуу жана мазмуну терең мастер-класс өтүп, 1-курстун студенттери кызыгуу менен катышышты. Аталган теманын алкагындагы мастер-класстар эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу Мырзанаева Медина Кененбаева тарабынан уюштурулуп, аудиторияларда улантылды.

(С) Мырзанаева Медина – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу

Добавить комментарий