2025-жылдын 18-февралында философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасында философия илимдеринин доктору, профессор М.М. Амердинова жана философия илимдеринин кандидаты, доцент А.К.Бабашовдун жетекчилиги менен “Азыркы идеологияларды калыптандырууда баалуулуктардын ролу” темасында методологиялык семинар болуп өттү.

Иш чарага кафедранын окутуучулары жана студенттери катышып, баалуулуктардын коомдук аң-сезимди жана идеологиялык конструкцияларды түзүүдөгү орду тууралуу кызыктуу баяндамалар жана талкуулар жүрдү.

Жыйында заманбап идеологиялардын негизги өзгөчөлүктөрү, алардын социалдык жана маданий таасирлери, ошондой эле баалуулуктардын калыптануу процесстерине тийгизген таасири талкууланды. Профессор М.М.Амердинова идеологиялык концепциялардын теориялык негиздерине токтолсо, доцент А.К.Бабашов практикалык мисалдар аркылуу баалуулуктардын идеологиялык түзүлүштөргө интеграцияланышы боюнча ой бөлүштү.

Ошондой эле, катышуучулар азыркы учурда академиялык чөйрөдө гана эмес талкууланып жаткан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасына да токтоло кетишти. Белгилей кетсек, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасы – бул улуттук өзүн-өзү аңдоо менен глобалдык өнүгүү багыттарын айкалыштырган концепция. Ал Кыргызстандын маданий жана руханий баалуулуктарын сактоо менен бирге, дүйнөлүк цивилизациялык процесстерге интеграцияланууну көздөйт. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” идеясы улуттук аң-сезимди күчөтүү менен Кыргызстандын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ал улуттук иденттүүлүктү сактоо менен бирге дүйнөлүк аренада Кыргызстанды таанымал кылуунун стратегиялык концепциясы катары каралат деп баса айтыла кетти.

Катышуучулар семинарды жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара катары баалап, келечекте ушул өңдүү талкууларды улантуу маанилүү экенин белгилешти.

(С) Апсаматова Э.Дж. – философия илимдеринин кандидаты, доцент

Добавить комментарий