Кыргыз илими жана билим берүүсү оор жоготууга туш болду. 76 жаш курагында көрүнүктүү түрколог, окумуштуу, тилчи, педагог Султаналиев Ишенбек Шаршекеевич дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз элибизге өмүрүн арнап, илим, билим, маданият жана тил илимине, адабиятына өчпөс из калтырып кеткен Султаналиев Ишенбек Шаршекеевичтин жаркын элеси кыргыз журтунун, тил жана адабият күйөрмандарынын, замандаштарынын, кесиптештеринин, окуучуларынын, студенттеринин, үй-бүлөсүнүн, жакын туугадарынын түбөлүккө эсинде калат. Агайдын жакындарына, бир туугандарына, үй- бүлөсүнө, кыздарына, уулдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жамааты.

Ишенбек Султаналиев Нарын областынын Ат-Башы районундагы Кара-Моюн айылында 1950-жылы 14-октябрда дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1957-1965-жылдары Кызыл-Туу толук эмес сегиз жылдык мектебин, 1965-1967-жылдары Пограничник орто мектебин аяктап, 1967-1969-жылдары ал кездеги Кызыл-Туу колхозунда дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгек жолун баштаган.
1969-1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин ийгиликтүү аяктап, үзүрлүү эмгектенип, 1994-1997-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспириантурасында окуп, 1998-жылы
филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына, 2014-жылы «Тил илими» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамына ээ болгон.
Кесиптик эмгек жолун 1974-1986-жылдары Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы катары иштей баштаган. 1986-1988-жылдары Ат-Башы районун С.М.Киров атындагы орто мектебинин директору,
1988-1989-жылдары Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иш сапарын уланткан. 1989-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары катары кызматын аркалаган.

Илимий багыты азыркы кыргыз тили (фонетика, лексика, грамматика), кыргыз тилинин тарыхы, кыргыз тилинин орфоэпиясы жана орфографиясы, көркөм чыгарманын тили, кыргыз диалектологиясы жана адабий норма, лингвистиканын багытында жүргүзгөн. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 30 жылга жакын убакыттан бери илим менен окутуу- тарбиялоо иштерин айкалыштырып, студенттерге “ Кыргыз тилинин тарыхы”, “Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикасы”, “Азыркы кыргыз тилинин морфологиясы”, “ Түрк тилдеринин грамматикасы”, “ Көркөм чыгарманын тили” жана магистратура бөлүмүндө ”Махмуд Кашкаринин лингивистикалык концепциялары” аттуу лекциялык сабактарды мыкты лектор катары окуп жүрдү.

Кыргыз журтчулугуна жана илимий чөйрөсүнө мыкты эмгектерин жараттты. Алгач 1997- жылы “ Мидин Алыбаевдин поэзиясы жана стилдик өзгөсөлүктөрү” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, 1997-жылы “Мидин Алыбаевдин поэзиямы” аттуу монографиясын жазып, аны кайра толуктап, 2015-жылы жарыялаган. Агайдын өчпөс түбөлүк эмгектеринин бири — 2008- жылы Махмуд Кашгаринии «Диван лугат ит түркий” сөздүгүн кыргыз тилине которууга катышып, 2013- жылы 1-2- томдору жарык көргөн. Ошону менен китептин түзүүчүсү катары Мидин Алыбаевдын “Медерим” аттуу ырлар, сатиралар. эпиграммалар жана жарык көрө чыгармалары, котормолору,“Эскерүүлөр”, “Тандалган ырлар жыйнагы”, “Тополоң”аттуу аңгемелер, фельетондор, “Толук ырлар жыйнагы”,”Ангемелер, фельетондор”, “Эскерүүлөр” аттуу китептерин сунуштаган. “Алыкул Осмонов” аттуу энциклопедиясынын түзүүчүсү катары иш алып барган. Ыбырай Абдырахмановдун “Кыргыз макал- лакаптары” аттуу эмгектердин мыкты илимий редактору болгон.
60 тан ашык илимий-публицистикалык, методикалык эмгектердин жана макалалардын автору.

Алган сыйлыктары:

  • 1986-жылы Кыргыз СССРинин Агартуу министрлигинин “Ардак грамотасы”.
  • 2001-жылы КР Билим берүү министрлигинин «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси.
  • КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Ардак грамотасы» жана «Кыргыз тили» төш белгиси (2018).
  • Ж.Баласагын атындаты КУУнун грамоталарын, «Мыкты лектор», «КУУнун билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер», «Куунун ардагери» наамдарын алган.

20 жылдан ашык жазган илимий иштери боюнча 2026- жылы “ ТЮРКСОЙ” эл аралык уюмунун медалы менен сыйланган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Ат-Башы районун экс-акими Эмил Абдыкадыров Ардактуу атуулду тапшырды эле. Бир нече жолу кыргыз тили жана адпбияты боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы, КРПрезидентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты комиссиясынын терминология бөлүмүндө коомдук башталышта 2025- жылы ЖОЖдор аралык “ Билги” конкурусунун жюреси катары мыкты иш алып барган.

Добавить комментарий