Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 28-февраль күнү Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышучусу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Керимбаев Шаршен Керимбаевич 100 жаштын кырын ашкан курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Маркумдун сөөгү 1-март күнү Байтик айылында жерге берилди.
КУУнун жалпы эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кош болуңуз Шаршен Керимбаевич, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун!



Керимбаев Шаршен
1927-жылы Жети-Өгүз районунун Кытай айылында туулган. Тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (1964), профессор (2003).
Кыргызстан КП БК алдындагы Республикалык партиялык мектебин (1950) жана Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1964) бүтүргөндөн кийин, Республикалык басма сөз жана партиялык органдарда, Кыргыз ССР маданият жана элге билим берүү министрликтеринде жооптуу кызматтарда иштеген:
- Республикалык «Кызыл Кыргызстан» газетасынын бөлүм башчысы (1950–1952);
- Фрунзе көркөм окуу жайынын директору (1953–1955);
- Түп районундагы «Сухой Хребет» орто мектебинин директору (1955–1959);
- Партиянын Түп райкомунун пропаганда бөлүмүнүн башчысы (1959–1960);
- Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун жооптуу катчысы (1960–1961).
Аспирантураны бүтүрүп, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин, КМУнун КПСС тарыхы кафедрасында ага окутуучу, доцент болуп иштеген (1964–1967). 1967-жылдан Кыргыз ССР Элге билим берүү министрлигинин жогорку жана атайын орто окуу жайлар башкармалыгынын начальниги, министрликтин коллегия мүчөсү болгон. Бул жетекчи кызматта он жылдан ашуун иштеп, республиканы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын иштерин жакшыртууга жана өнүктүрүүгө белсенип эмгек сиңирген. 1978-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда КПСС тарыхы кафедрасын башкарган. Жүзгө жакын илимий жана окуу-методикалык эмгектердин, анын ичинде эки монография жана «Турмуш издери» аттуу китептин автору.
Көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн бир катар өкмөттүк, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон:
- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1951);
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2001);
- Кыргыз Республикасынын «Данк» медалы (2007);
- «1941–45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн» (1946);
- «Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 30 жыл» (1975);
- «Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 40 жыл» (1985);
- «Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 50 жыл» (1995);
- «В. И. Лениндин 100 жылдыгына карата күжүрмөн эмгеги үчүн»;
- «Эмгек ветераны» медалдары;
- «Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги», «СССР жогорку билим берүү ишинде жетишкен ийгилиги үчүн» белгилери менен сыйланган.
Профессор Шаршен Керимбаев Улуттук университеттин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсия ээси (2001).