2026-жылдын 9 жана 11-июнунда Журналистика жана коммуникация институтунун «Журналистика» билим берүү программасынын 4-курсунун студенттери өздөрүнүн академиялык даярдыгындагы маанилүү этаптардын бири болгон бүтүрүү квалификациялык иштерин (БКИ) ийгиликтүү коргошту.

Мамлекеттик аттестациянын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр өз изилдөөлөрүн сунуштап, жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана заманбап журналисттик ыкмаларды колдоно билерин көрсөтүштү. Бүтүрүү квалификациялык иштердин тематикасы актуалдуулугу жана практикалык мааниси менен айырмаланды.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — 20дан ашык БКИ темалары классикалык жана чыгармачыл форматта сунушталып, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) алкагында аткарылган. Студенттер өз изилдөөлөрүндө экология, социалдык жоопкерчилик, гендердик теңчилик, сапаттуу билим берүү, медиамейкиндиктин өнүгүшү, ошондой эле коомдук глобалдык чакырыктар жөнүндө маалымдоо маселелерин карашты.

БКИлерди коргоо процесси бүтүрүүчүлөрдүн журналистика тармагында иштөөгө даяр экендигин, күн тартибиндеги маалыматтар менен иштей билүү жөндөмүн жана коом үчүн маанилүү социалдык маселелерди чагылдырууга салым кошо алары көрүндү.

Билим берүү программасынын жетекчилиги студенттердин даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, алардын келечектеги кесиптик өсүшүнө жана медиа тармагындагы ийгиликтүү карьерасына ишеним билдирди.

(С) Ж.Абдикеримова — «Журналистика» билим берүү программасынын жетекчиси

Добавить комментарий