2026-жылдын 15-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Тышкы иштер канцеляриясынын директорунун орун басары Цзинь Шанцзюнь баштаган өкүлдөр келди.

Коноктор менен Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бктыбек Келдибеков менен Кыргыз-япон институтунун директорунун орун басары Жеңиш Бексултанов жолугушту.

Тараптар жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттер жана окутуучулар үчүн алмашуу программаларын ишке ашыруу, о.э. эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууга о.э. аталган канцеляриянын Европа жана Азия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Сюй Лулу менен Европа жана Азия иштери боюнча бөлүмдүн улук изилдөөчүсү Ли Юнцян катышты.

Добавить комментарий