Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты (2004), Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын (2004), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» (2020), «КУУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «КУУнун эмгек сиңирген изилдөөчүсү» наамдарынын (2023) жана башка сыйлыктардын ээси Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович 2026-жылдын 14-май күнү 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун үй-бүлөсү менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргызстандын тарых илиминин казынасын байытууга зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, мыкты педагог, устат Шейшеканов Турдубек Бейшенакуновичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, г.и.д., профессор Д.Т.Чонтоев, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жана жалпы КУУнун жамааты.

* * *

Т.Б.Шейшеканов 1952-жылы 8-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылында төрөлгөн. 1973-1978-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп, окууну артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Окутуучулук ишмердиги Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда окутуучу, ага окутуучу (1978-1981), КМУнун тарых факультетиндеги Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдар тарыхы кафедрасында окутуучу (1982-1984),  М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажер-окутуучу (1984-1985), ал эми 2001-жылдан баштап Кыргыз улуттук университетинин чөлкөм таануу бөлүмүнүн башчысы (2001-2008), Изилденүүчү чөлкөмдөрдүн тарыхы жана маданияты кафедрасынын башчысы (2008-2010), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасын башчысы (2010-2016), Жалпы тарых кафедрасынын доценти (2016-2021),  Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти (2021-2026) кызмат орундарында эмгектенген.  

Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович тарых жана чөлкөм таануу институтунда иштеген жылдары өзүн жогорку квалификациялуу адис катары көрсөтө алды. Кафедрадагы «Байыркы Чыгыштын тарыхы», “Чыгыш элдеринин тарыхынын тарыхнаамасы”, “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаңы доордогу жана соңку тарыхы”, «Чыгыш жана Түштук-Чыгыш Азия өлкөлөрү: жалпылык жана спецификалык өзгөчөлүктөрү» ж.б. негизги предметтер боюнча окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгып, лекцияларын, семинардык сабактарын жаны усулдук ыкмаларды чеберчилик менен колдонуп, жогорку профессионалдык денгээлде өткөрүп келген.

Турдубек Бейшенакунович 6 монографиянын, 150 ашык илимий макалалардын автору.

Негизги эмгектери:

  • Көлдөгү көтөрүлүш. (Монография). – Бишкек, «Архи», 2003. -6 басма табак;
  • Goldeki isyan 1916. Mezalimilve karsi coyludirenis harakετι. – Istanbul, otuken. 2013.-16. басма табак; (түрк тилинде жарык көргөн монография);
  • 1916-жыл: Ысык-Көлдөгү Азаттык көтөрүлүшү. (Монография).//Китепте: Илимий эмгектер. Монографиялар. Эскерүүлөр. 1-китеп. Бишкек, «Кут- Бер», 2016. -14  басма табак;
  • 1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү. //Кыргызстандын тарыхы. Академиялык 3 томдук чыгарылыш. 3-том. Бишкек, «Кут- Бер», 2016. -3.0.басма табак;
  • 1916-жыл: Кыргызстандагы Азаттык көтөрүлүшү. Монография.-Бишкек, «Бийиктик плюс», 2019. — 10 басма табак;
  • Кыргызстандагы 1916-ж улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жол башчыларынын тарыхтагы орду жана ролу. Монография.-Бишкек, “Университет”, 2025. -20,5 басма табак.

Добавить комментарий