2024-жылдын 15-ноябрь күнү №6-окуу имаратындагы №126 «Академик М.Иманалиевдин илимий мурастары кабинетинде математика жана информатика институту тарабынан Эл аралык илим күнүнө карата уюштурулган “Компьютердик моделдештирүү жана алардын колдонулуштары,оператордук теңдемелер,бир калыптагы топология” аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жыйынды институт директору Изат Усенов ачып,мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге сөз берди.
Проректор конференциянын катышуучуларын өлкөбүздөгү Илим күнү менен куттуктап, мамлекетибиздин калыптанышында математика илиминин орду зор болуп,өзгөчө дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу, КР УИАнын академиги жана СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Мырзабек Иманалиевдин илимий ишмердүүлүгү,туундунун алдында кичи параметр камтыган интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясынын маселелерин чечүү жана алынган илимий жыйынтыктарды башка илимдердин түрдүү тармактарында колдонууга багыталганын сыймыктануу менен айтууга болору жөнүндө сөз кылып,өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы саналган билим берүү системасында жаштарды татыктуу билим алууга умтулууга үндөп, алардын ой-өрүшүн өркүндөтүүгө,позициясы күчтүү, өз идеяларын коомчулукка жеткире билген жаштарды тарбиялоодо зор салым кошуп,бүткүл чыгармачыл кудуретин келечек ээлерине жумшап келген институттун агай-эжейлерине өз ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле улуттук иденттүүлүктү сактасак,мамлекеттик идентүүлүктүн калыптанышына алып келерин баса белгилеп кетти.
Колдонмо математика жана информатика билим берүү программасынын жетекчиси ф.-м.и.д, профессор, конференциянын уюштуруу комитетинин төрагасы Гулай Кененбаева бүгүнкү иш чара – студенттердин илимий иштерин талкуулоочу аянтча экендиги жана конференциянын иштөө тартиби боюнча айтып, студенттерди мындан ары да өтө турган илимий иштерге бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов жарыш сөзгө чыгып, математика жана физика илимдери бири-бирин толуктап келээрин, бүгүнкү жыйын жаштар үчүн чоң мотивация болорун баса белгилеп, алардын мындан ары прогрессивдүү илим-билим алууларына тилектештигин билдирди.
Жыйындын биринчи бөлүгүндө профессорлор И.А.Усенов, Б.Э Канетов, И.С.Чой, С.М.Сулаймановалар пленардык докладдарды жасашты, экинчи бөлүгүндө секциялык иштер жүрүп, студенттер мурдатан белгиленген темалар боюнча баяндамаларды жасашты.
Колдонмо информатика программасынын профессору,Түштүк Кореялык “We Daba Lab” борборунун өкүлү,МжИИнун студенттери үчүн уюштурулган “Python жана чоң маалыматтар базасы” аталашындагы курстун жетекчиси Чой Йонг Санг мырза Улуттук университетте “IT технология жана жасалма интеллект” багытын өнүктүрүүгө,айрыкча “Робототехника” багытын мыкты деңгээлге жеткирүү максатында ийгиликтүү иш-аракеттерди жасап,олуттуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.
Студенттер жасаган баяндамалардан жыйындын катышуучулары математиканын табият таанууда ээлеген орду, математиканы өнүктүрүүсүз эч кандай прогресс мүмкүн эместиги, биздин келечектеги жашообуз IT технология, нанотехнологиялар менен тыгыз байланышта болоору, жасалма интеллект, Big data жана Робот түзүү программасынын алгачкы кадамы тууралуу кеңири маалымат алышты.
Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:
- Конференция жаш окумуштууларга илимий жетишкендиктерин талкулоочу аянтча болгондугу белгиленди;
- Конференцияны жылына 1 жолу Эл аралык илим күнүнө карата уюштуруп туруу милдети инститтун жетекчилигине жүктөлдү.
- Илимий-тажрыйбалык конференциянын масштабын кеӊейтип, ЖОЖдор арасында уюштурулуучу конференцияга алып чыгуу каралды.
- Алынган илимий жыйынтыктарды КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышына жарыялоо маселеси колго алынды.
Жыйындын соңунда институт директору Изат Усенов студенттердин жасаган иш-аракетине ыраазычылык билдирип, алардын келечекте илимдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошооруна ишенээрин билдирди.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент





