2024-жылдын 15-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистигинин студенттерине «Гендер социологиясы» аталышындагы конок лекция Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, социология илимдеринин кандидаты Шайдуллаева Топчугуль Жолдошевна тарабынан өткөрүлдү.

Аталган иш чарага факультеттин деканы, доцент Б.Жайлообаев, кафедра башчысы Э.Акунов, профессор М.Жумаев, доцент Ж.Орозалиева, доцент Н.Осмонова, доцент Г.Абдыкадырова жана адистиктин студенттери катышты. Лекцияны факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев ачып, студенттерге Шайдуллаева Топчугуль Жолдошевнаны тааныштырып, андан соң кадырлуу коногубузга сѳз берди.

Шайдуллаева Топчугуль Жолдошевна гендер маселесинин табияты жана анын социология илиминдеги көрүнүшү, гендердик социологиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу лекциясы баяндама түрүндө болуп, пайдалуу маалыматтар менен коштолду. Баяндамачы лекциясында айтылган теориялык маселелерге өзүнүн аӊгемелериндеги аялдардын образдарына токтолуп, аргументтештирди. Студенттер аябай кызыгуу менен суроолорду узатып, пикир алышуу жандуу болду.

Кыргыз филологиясы факультетинин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттерине ѳтүлгѳн лекция ийгиликтүү аяктады, лекция ѳз максатына жетти.

(С) Ж.Орозалиева – доцент

Добавить комментарий