2024-жылдын 19-майында Конфуций институту Бишкек шаарындагы №2-орто мектепте HSK жана HSKK кытай тилинин деңгээлин аныктоо боюнча экзамен өткөрдү. Сынакка былтыркы жылдын май айына салыштырганда 2 эсе көп студенттер жана окуучулар катышты.

Экзамендин алдында жооптуу мугалим алдын ала чогулуш өткөрүп, көзөмөлдөөчү мугалимдерге экзамендин шарттары, убакты-сааттары ж.б. боюнча айтып берди.

Экзамен күнү көзөмөлдөөчү мугалимдер эрте менен саат 8:00дө келишип, экзаменге келген окуучуларды алардын колундагы документтери боюнча текшерип, аудиторияларга киргизишип, экзамен ийгиликтүү өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, HSK жана HSKK кытай тилинин (жазуу жана оозэки ) деңгээлин аныктоо боюнча экзаменди Конфуций институту ар бир окуу-жылында 4 жолу, ар бир окуу-семестринде 2 жолу өткөрөт. Жазуу экзаменинин жалпы 6,  оозеки экзамендин 3 деңгээли бар. Жазуу экзаменинин баштапкы деңгээли HSK 1, жогорку деңгээли HSK 6, ал эми оозеки экзаменинин 3 деңгээли бар.

(С) Абирова Алтынай- Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий