2025-жылдын 11-август күнү эрте менен саат 9:00дө 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясында абитуриенттерди бакалавриат менен магистратурага кабыл алуунун 5-туру, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө кабыл алуунун 4-туру башталды.

Кабыл алуу комиссиясынын маалыматтык тобунун жетекчиси Бакир Жадилов берген маалымат боюнча бүгүнкү күнгө карата Улутттук университетке жалпысынан 6329 абитуриент тапшырды.

4-турдун жыйынтыгы менен контракттык бөлүмдүн бакалавриатына 2977, магистратурасына 124, аймактардагы факультеттерге 484 абитуриент катталып, документ тапшырды. Ал эми бюджеттик бөлүмдүн бакалавриаты менен магистратурасына тапшыргандардын жалпы саны 598 түздү. Анын ичинен бакалаврат – 466, максаттуу багыт – 14, чек арадагы райондор – 8, томолой жетим – 7. Быйыл магистратурага 106 орун каралган болсо, иш жүзүндө план аткарылды.

Ал эми кесиптик билим берүүгө 1810 абитуриент тапшырды, чет элдик жарандар – 21, колледжди бүтүп, багытын өзгөртүп тапшыргандар – 28, ОКБны бүтүп келип тапшыргандардын саны 675 болду.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди бакалавриат/магистратурага каттонун 4-туру 13-август, саат 14:00гө чейин, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө каттоонун 3-туру 13-август, саат 17:00гө чейин уланат.

Добавить комментарий