2024-жылдын 18-май күнү КУУнун алдындагы Конфуций институтунун волонтер-окутуучулары Улуттук тарых музейинде өткөрүлгөн “Музейдеги түн” иш чарасына катышты. Жыл сайын уюштурулган иш чара кечки саат 17:00 дөн 21:00гө чейин болду.

Иш чарага Улуттук музейдин директору Жылдыз Бакашова, Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева катышты. 

Мугалимдер жана окуучулар иш-чарага келгендерди кытай жазуусу (каллиграфия), кытай чай церемониясы, кытай музыкалык аспабы Гужен, кагаздан кытай оймо-чиймелерин кесүү, кытай тайчи кылычы  ж.б.у.с. менен тааныштырышты. Бардык каалоочулар кытай чайынан даам татып, музыкалык аспаптын мукам үндүү обонун угушуп, кытай улуттук кийимдерин кийип сүрөткө түшүштү.

Музейдин директору Жылдыз Бакашова көргөзмөгө активдүү катышкандыгы үчүн КУУнун алдындагы Конфуций институтунун жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

(С) Абирова Алтынай- Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий