2025-жылдын 14-августунда КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, колледждерге жана орто кесиптик бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов жана колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты, ал эми аймактардагы ОКБ жетекчилери онлайн түз эфирде кошулду.
Отурум 8-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаевдин жаркын элесин унчукпай туруп эскерүү менен башталып, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов үч турдун жыйынтыгы тууралуу маалыматы менен уланды. Изат Усеновдун маалымдашынча, 4-турдун башталышына Улуттук университеттин колледждерине жалпысынан 1889 абитуриент документ тапшырып, контракттарын төлөшкөн (анын ичинде, кесиптик колледжге – 719, эл аралык колледжге – 293, юридикалык колледжге – 652, педагогикалык орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө – 225). Ал эми аймактардагы орто кесиптик бөлүмдөр боюнча: Ош шаары –222, Талас шаары –54, Нарын шаары –39, Каракол-шаары – 169 абитуриент кабыл алынды. Ошентип, төрт турдун жыйынтыганда колледждерге жана орто кесиптик бөлүмдөргө өткөндөрдүн саны 2586 абитуриент болду. Ал эми төртүнчү турда КУУнун Бишкектеги ОКБларына 129, аймактардагыларга 84, жалпысынан 213 абитуриент катталды деп билдирди жооптуу катчы.
Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин колледждери менен орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча чечимдер кабыл алынды.
КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев айрым багыттарга бешинчи тур жарыяланбай тургандыгын айтып, колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөрдүн жетекчилерине мугалимдердин сапатын кароону сунуштады.
4-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 15-16-17– август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт.









