2025-жылдын 10-август күнү Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысынын орун басары Сайит Юсуф мырзаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын октябрь айынын экинчи жарымына пландалган Түрк жаштарынын 2-дүйнөлүк жолугушуусун өткөрүүнүн алдын ала программасын талкуулашып, ага байланышкан айрым маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышты.
Сайит Юсуф мырза дем алыш күнгө карабай Түрксойдун өкүлдөрүн жылуу тосуп алып жаткандыгы үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Түрк жаштарынын 1-дүйнөлүк жолугушуусу өткөн жылы Алматыдагы аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде өткөрүлгөнүн, бул жолку жолугушуу “Келечек сенсиң!” деген ураандын астында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинде өткөрүү пландалып жатканын жана иш-чарага Түрксойго мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жаштары менен бирге Венгриянын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, Молдованын жаштарынын өкүлдөрү катышаарын билдирди. Анын айтымында, жолугушуунун максаты – келечектин башкаруучусу жана багыттоочусу боло турган түрк тектүү жаштардын таанышуусун жана байланыш түзүүсүн камсыз кылуу, о.э. алар жашаган өлкөлөрдөгү ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табуу үчүн биргелешкен идеяларды иштеп чыгуу.
Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Сайит Юсуф мырзага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университети аталган иш чараны Түрксой эл аралык уюму менен биргеликте өткөрүүгө даяр экендигин тастыктаган расмий катты тапшырды.
Жолугушууга о.э. илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова катышты.






















