Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары: тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиева Асель Курманбековна, саясий илимдердин кандидаты, доцент Нурматова Гулсайра Асановна жана окутуучу Кенжебекова Баян Кенжебековна 2024-жылдын 16-20-май күндөрү Туркия мамлекетиндеги Тунжэли шаарынын Мунзур университетинде өткөн “Кайфор 24 – Мамлекеттик башкарууну уюштуруу” темасындагы Эл аралык форумга катышып, илимий баяндамаларын жасашты.

Форумга Түркиянын бардык жогорку окуу жайларынын илимпоздору жана окутуучулары катышып, тажрыйбалары менен алмашуулар болду. Форумдун соңунда сертификаттар тапшырылды. Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Мунзур университетинин ортосунда кызматташуу Меморандумуна эки тараптуу кол коюлду.

(С) Сатыбалдиева Асель – доцент

Добавить комментарий