Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университинин кесиптик колледжинин директору Каныбек уулу Ардакбек башка кызматка өткөнүнө байланыштуу директорлук кызматтан бошотулуп, анын ордуна Саадабек уулу Бектен дайындалды.

Жаңыдан дайындалган жетекчини кесиптик колледждин эмгек жамаатына КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тааныштырды. Ал Саадабек уулу Бектен директорлук кызматка дайындалганга чейин кесиптик коллеждин экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келгенин, ошондуктан алдыга коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткараарына ишенээрин билдирип, ийгиликтерди каалады. 

Ректор о.э. мурдагы директор Каныбек уулу Ардакбек да бир топ алгылыктуу иштерди аткаргандыгын белгилеп, мындан аркы иштерине ак жол каалады.

Добавить комментарий