2024-жылдын 15-май күнү №6-окуу имаратындагы жыйындар залында математика жана информатика факультетинин кечки окуу бөлүмүнүн колдонмо математика жана информатика билим берүү программасы менен математикалык анализ кафедрасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталып, алардын “Математика жана STEM” темасы боюнча жасаган баяндамалары жыйында катышкан студенттерди аябай таасирлентти.

Жыйынга факультет деканы И.А.Усенов, педагогика кафедрасынын доценти А.С.Баялиева, ага окуутучулар М.М.Кубатбеков, А.С.Сыргабекова, практика жана карьера борборунун директору З.М.Бакалбаев, жетектөөчү адиси Саматали к. А. катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө магистранттар Тилек кызы Нуржаннат, Алсу Беккелдиева жана Айдана Акылбекова жасаган баяндамалардан чогулуштун катышуучулары математиканын табият таануда ээлеген орду, архитектурада, медицинада, проектилөөдө, инженерияда ж.б. колдонулаарын, мейкиндиктин ийилиши, электромагнитизм менен гравитациянынын куюлушу, кванттык компьютер жана “STEM” билим берүүнүн өзгөчөлүгү жана максаты тууралуу кеңири маалымат алышты.

Факультет деканы И.А.Усеновдун айтымында, STEM-деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталашынын баш тамгаларынан куралгандыгы, STEM билим берүү багыты – бул келечекте жогоркуу технологияларды өнүктүрүүнүн платформасы жана өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү тармактардын бири экендиги, азыркы билим берүү технологиясынын негизги талабы экендиги тууралуу сөз кылды. Ал о .э .тандалган натыйжалуу STEM мектептери, студенттерди STEM даражасын алууга жана кесиптик STEM карьерасында ийгиликке жетүү үчүн даярдаган жогорку сапаттагы билим берерин белгилеп , бүтүрүүчүлөргө магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү жыйынтыктап, татыктуу адистерден болушуна тилектеш экендигин билдирди .

Педагогика кафедрасынын доценти А.С.Баялиева магистранттардын жасаган иш-аракеттерине ыраазычылык билдирип, алардын келечекте кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушуна ишенерин билдирди .

Жолугушуунун соңунда, жыйындын катышуучулары Кыргызстанда “STEM” программасынын өнүгүшүнө робототехника жана програмалоо, моделдөө, 3Dдизайн жана окутуу программасын протиптештирүү тармагынын киргизилиши чоң таасир эткендиги, студенттерди эрте жашынан STEM предметтерине кызыгуусун арттыруу жөнүндө кеңири маалымат алышты .

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий