2024-жылдын 19-ноябрында проф. К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасында кыргыз филологиясы факультетинин 4- жана 5-курстарынын педагогикалык практикасын жыйынтыктоо боюнча “Педагогикалык практика: пикирлер, ойлор” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Кафедра башчысы, доцент Аскар кызы Жылдыз педагогикалык практиканын максаты, милдети боюнча жана анын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берип, тегерек столго катышуучулар менен тааныштырды.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандагы тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдесов Нуркалый, Карьера  жана практика борборунун директору З.М.Бакалбаев,  башкы адиси Б.Нурланова, жетектөөчү адиси Эмир уулу Теӊир, мектеп мугалимдери: №58 ЖБОМнин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары К.Оболова, №51 ЖБОМнин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Эркинбаева,  А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Жусубалиева, №2 ЖБОМнин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Алымкулова,  №9 ЖБОМнин кыргыз тили жана адабияты мугалими Д.Эдилбаева, кафедранын профессор окутуучулары жана студенттер катышышты.

Алгач педагогикалык практиканын жүрүшүнүн чагылдырган презентациялар көрсөтүлдү.

Бул иш чаранын негизги максаты педагогикалык практиканын жүрүшүн талкуулап, жыйынтыктап, анын жүрүшүнүн алгылыктуу жактарын белгилөө жана аны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүүчү иштерди аныктоо, мектеп менен кафедранын байланышын чыӊдоо болуп саналат.

Мектеп мугалимдери практика учурундагы жетишкендиктерди айтып, практиканы мыкты деӊгээлде өткөргөн студент-практиканттарга ыраазычылык билдиришти. №2 орто мектеби  кафедранын доценти А.Жаманкулованы жана 4-курстун студенти Улук кызы Умиданы ыраазычылык кат менен сыйлашты.

 Ийгиликтер менен катар эле айрым бир мүчүлүштүктѳр тууралуу дагы сунуштарын айтышты. Алар: “Филология (кыргыз) багытынын 4-курсунун студенттерине педагогикалык практика бир гана жолу болгондугу туура эмес экендигин жана алар кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы боюнча предметтерди аз окугандыгы практика учурунда терс таасирин тийгизгендигин баса белгилешти. Филология (кыргыз) багытын аяктаган бүтрүүүчүлөрдүн дээрлик 90%ы мектепте иштей тургандыгын эске алып, практиканын мөөнөтүн узартып, 3-курста үйрөнүү педпрактикасынан өткөрүү керек экендигин  сунуш кылышты.

Студент-практиканттар дагы өз ойлорун ортого салышып, практиканын жүрүшүндөгү жетишкендиктерин жана жетишпеген жактарын айтышты.

“Филология (кыргыз)” багытынын 4-курсунун студенттери практикага бир гана жолу чыкканын, эми гана окуучуларды таанып, сабак өтүүгө жаӊы үйрөнүп баштаганда практика аяктап калгандыгын өкүнүү менен билдиришти. Ошондой эле психология жана методика предметтеринин аз өтүлгөндүгү практика учурунда өз таасирин тийгизгендигин, алар үчүн окуучулар менен тил табышууда, ар бир окуучунун психологиясын таанууда кыйынчылыктарга туш болгондугун далилдүү фактылар менен айтып беришти.

5-курстун студенти Жумабек кызы Сүйүмкан быйылкы өткөн практика 4-курста өткөн практикадан жеӊилирээк болгонун, практика учурунда сабактарды кызыктуу, мазмундуу өтүүгө аракет кылгандыктарын, практиканы ийгиликтүү өтүп келгендиктерин айтуу менен, мектеп мугалимдерине жана университеттен билим берген мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандагы тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдесов Нуркалый агай практиканын жүрүшү боюнча айтылган ой-пикирлерди угуп, аны анализдеп, өз тажрыйбасынан бөлүштү. Алгач эки кесип өтө ардактуу экендиги, биринчиси адам өмүрүн сактаган врачтар жана элдин сабатын ачкан мугалимдик кесип экендигин айтып, бул эки кесиптин ээлери жаӊылууга болбой тургандыгын эскертип өттү. Мугалимдик кесип тууралуу, өзгөчө кыргыз тили жана адабияты мугалимине тиешелүү сапаттар тууралуу маалыматтарды бергендиги келечектеги жаш педагогдор үчүн таасирдүү болду.

Мындан соң КУУнун карьера жана практика борборунун директору З.М.Бакалбаев практика тууралуу маалыматтарды айтып, практика учурунда өткөрүлгөн иш-чараларга токтолду. Студенттерге ийгиликке жетүүнүн жолдору, кесипке багыттоо иштери тууралуу маалыматтарды кызыктуу факт-мисалдар менен түшүндүрдү. Педагогикалык практиканы уюштуруудагы жетишкендиктери үчүн кафедра башчысы, доцент Аскар кызы Жылдызга ыраазычылык кат жана 5-курстун студенттери Сабырбекова Нуркызга, Узбекова Аринага, Жумабек кызы Сүйүмканга жана 4-курстун студенти Жаныбек кызы Элизага өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон аракети, мектептин окуу-тарбиялык  иш-чараларына активдүү катышуу жана практикалык тажрыйба жаатындагы жетишкендиктери үчүн грамоталарды тапшырды.

Кафедранын профессору, п.и.д. Ж.Чыманов өтүлгөн тегерек столдун мааниси абдан чоӊ экендигин, өзгөчө студенттердин практика, анын мөөнөтү, анын жүрүшү тууралуу сунуштарынын маанилүү экендигин белгилеп, мектеп мугалимдери жана студенттер тарабынан айтылган сунуштарды карап, анализдеп, аны чечип берүү зарыл экендигин баса белгиледи.

“Педагогикалык практика: ойлор, пикирлер” аталышындагы тегерек столду кафедранын профессору Б.Байсабаев жыйынтыктап, айтылган сунуштардын туура экендигин белгиледи. Нуркалый Абдесовго өзүнүн педагогикалык бай тажрыйбасы менен бөлүшүп,  кыргыз филологиясы факультетинин магистранттарына жана студенттерине мугалимдик кесиптин сырларын ачып берип,  педагогикалык кызматташтыктын алгылыктуу үлгүсүн көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазачылык кат тапшырды.

Иш-чаранын аягында педагогикалык практика убагында алган теориялык билимин практика жүзүндө чыгармачылык менен колдонуп, окутуунун алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн төмөнкү студенттер грамота менен сыйланышты.

5-курстун студенттери: Рыскул кызы Азим, Кошоева Н., Саткынова Н.

4-курстун студенттери: Искендерова Нурдана, Толбашиева Кыял, Майрамбек кызы Алтынай, Улукбек кызы Умида, Таштанбай кызы Кызжибек.

Ал эми 4-курстун студенти Карыбек кызы Гүлпериге Москва райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына карата уюштурулган көркөм окуу конкурсуна Ж.Баласагын атындагы КУУнун атынан катышып, III даражадагы дипломго татыктуу болгондугу үчүн грамотага ээ болду.

Кафедра башчысы, доцент Аскар кызы Жылдыз тегерек столго келип катышкандарга, ой-пикирлерин билдирип, сунуштарды киргиздендиги үчүн ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы ийгиликтерди каалап, иш чараны жыйынтыктады.

(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, доцент

Добавить комментарий