2024-жылдын 20-ноябрь күнү Ак Демилге коомдук фонду жана Голландиянын “IHHNL” фонду тарабынан кесиптик колледждин 30 окутуучусуна 240 000 сомго бааланган азык түлүк жардамы көрсөтүлдү.
Аталган долбоор өткөн жылдан бери кесиптик колледждин мугалимдерин колдоо ирээтинде таратылып келет. Долбоордун максаты – жаш мугалимдерди же аз камсыз болгон окутуучуларды аз да болсо колдоо болуп эсептелинет. 2024-жылдын январь айынан тартып ушул күнгө чейин кесиптик колледждин мугалимдерине жана студенттерине 5 миллион сомго бааланган ар кандай жардам көрсөтүлдү.
(С) Ардак Каныбеков – кесиптик колледждин директору
