2024-жылдын 13-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында 5-жатаканада жашаган 1-курс студенттеринин “Тушоо кесүү” аземи болуп өттү.

Студенттерди майрамы менен жатаканалар боюнча менеджер Бексултан Шабданов, 5-жатакананын коменданты Гүлнара Сүйүмкулова жана жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси Ынтымак Касмакунов куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.

ЖСС департаменти жана 5-жатакананын коменданты Гүлнара Сүйүмкулованын демилгеси менен уюштурулган иш чаранын жүрүшундө студенттерден түзүлгөн “Мүрөк”, “Элдин балдары”, “Жаш тилек”, “90-жылдар” командалары кызыктуу оюн куруп беришти. Алар 6 тапшырма аткарып, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Гран-При: “Асман” командасы (1-кабат). “Bishkek Arena” муз тебүү аянтчасына 10 кишилик жолдомо менен сыйланды;

1-орун: “90-жылдары” командасы (5-кабат). “Боулинг” оюнуна 10 кишилик жолдомо;

2-орун: “Жаш тилек” командасы (4-кабат). 17-ноябрь студенттер күнүнө карата өтүлө турчу концертке 10 кишилик жолдомо;

3-орун: “Мүрөк” командасы (2-кабат). Драм театрына 10 кишилик жолдомо.     

 Сыйлыктарды Бексултан Шабданов, Гүлнара Сүйүмкулова, Ынтымак Касмакунов тапшырышты.  

(С) Буланбек кызы Асель – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун башчысы

Добавить комментарий