2025-жылдын 21-августунда КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, колледждерге жана орто кесиптик бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Гульнара Бузурманкулова, колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты, ал эми аймактардагы ОКБ жетекчилери онлайн түз эфирде кошулду.

Жыйын 19-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Чороев Калыбектин жаркын элесин бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Ал Улуттук университеттин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Маалыматтык коопсуздук” билим берүү программасынын профессору болуп эмгектенген.

Жооптуу катчынын орун басары Гульнара Бузурманкулова 1-4-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин колледждерине жалпысынан 2115 абитуриент документ тапшырып, контракттарын төлөшкөнүн (алардын 613ү аймактарга тиешелүү), ал эми 5-турга “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу катталгандардын жалпы саны 184ү түзгөнүн кабарлады (Бишкек шаары – 96, аймактар – 88). Андан ары ал катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча чечимдер кабыл алынды.

КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев отурумдун катышуучулары менен биргеликте аймактардан Бишкек шаарына абитуриенттерди которуу маселесин да карап, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге тапшырамалар берилди.

Эскерте кетсек, 6-тур болбойт, ал эми 5-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий