2023-жылдын 7-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика жана коммуникация институту тарабынан 8-декабрда белгиленүүчү Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата “Кыргыз телевидениесине 65 жыл” деген илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Алгач иш чарага келген меймандар биринчи кабаттын фойесинде коюлган институт студенттеринин жана Руслан Богатыревдун “Карегимде Кыргызстан” аттуу фотокөргөзмөсүнө күбө болушту.

Чоң жыйындар залында конференциянын салтанаттуу бөлүгү ачылып, чогулган меймандар, окутуучулар жана студенттер Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка кафедрасынын фольклордук ансамблинин жагымдуу музыкалык аткаруусун жана бөбөктөрдүн кыргыз бийин көрүшкөн соң, “Кыргыз телекөрсөтүүсүнө 65 жыл” деген аталыштагы Улуттук телерадио корпорациясынын тарыхын, басып өткөн жолун, учурдагы абалын баяндаган тасма көргөзүлдү.

Андан кийин жыйындын модератордук милдетин аркалаган журналистика жана коммуникация институнун директору Ширин Костюк кезекти онлайн-куттуктоолорго берип, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Е.Л.Вартанова кесиптештерин Кыргыз телевидениесинин 65 жылдык мааракеси, о.э. кесиптик майрамы менен куттуктады.

Кийинки куттуктоо сөз  илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге берилди. Ал телевидение тармагында эмгектенип келе жаткан адистерди, болочок журналисттер болгон институттун студенттерин жана окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн журналистика тармагына жана медиа индустрияга дээрлик 70-80 пайыз адистер дал ушул Улуттук университеттин журналистика жана коммуникация  институту тарабынан даярдалаарын, бул жер бир катар белгилүү журналисттер окуп бүткөн куттуу  уя экенин баса белгилеп, мындан ары дагы жигердүү эмгектенип, заман талабына ылайык, күчтүү, атандааштыкка туруштук бере ала турган адистерди даярдоо керектигин айтты.

Андан соӊ Назаркул Ишекеев институттун бүтүрүүчүлөрү үчүн негизги иш берүүчү болгон УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жана иш башкаруучусу Чынар Капаровага жана белгилүү журналисти Алмаз Касмалиевге ыраазычылык каттарды тапшырды.

Болотбек Тиллебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, заман талабына ылайык адистерди даярдоо – эӊ башкы муктаждык болуп жатканын айтып, заманбап  каражаттар менен иштөөгө жөндөмдүү, чет тилдерди билген, бир эле убакта жазып, тартып жана монтаждай ала турган адистерди даярдоо зарылдыгынан улам окуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизип, эскирип калган, керексиз предметтерди жаӊы сабактар менен алмаштырууну сунуштады. Ал о.э. институт менен мындан ары дагы иштешүүгө кызыкдар экенин, студенттерди өндүрүштүк практикага кабыл алууга даяр экендиктерин, анткени бүтүп барган адистер өз ишине толук кандуу даяр болбой, негизги жөндөмдүүлүктөр болгон тартуу жана монтаждоо, камера менен иштөө жагынанан аксап жатышкандыктарын айтып, бул маселелерди жолго коюш үчүн тыгыз иштешүүгө, биргилекте дасыккан журналисттерди даярдоого чакырды.

Сунушту кабыл алып, аракеттер көрүлүп жатканын, келерки окуу жылынан баштап эл аралык журналистика бөлүмү ачылып, 1-курстан баштап, англис, кытай жана корей тилдери окутулаарын, о.э. техникалык база толукталып жатканын институттун директору Ширин Костюк билдирди.

Андан соӊ  төмөндөгүдөй илимий докладдар жасалды:

  • Чынар Капарова – УТРКнын иш башкаруучусу, ф.и.к., доцент: “Телевидение жана жаңы медиа”
  • Алмаз Касымалиев – УТРКнын белгилүү журналисти: “Улуттук нарк-насил саясаты: коомчулукка таасир берүү факторлору”
  • Ж.Саитбурханова – “Улуттук каналдагы программалардын техникалык жаңылануулары жана көркөм жасалгасынын өзгөчөлүктөрү. Ребрендинг”
  • Канат Жыргалбеков – продюсер: “Музыка каналы. Жаңы долбоорлор: Хайп шоу жана Бенефис. Креативби же салттык көрүнүшпү?”
  • Айна Дуйшекеева – КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун доценти, ф.и.к.: “Кыргыз тилинде уктурулган чет элдик радиолордун аудиториясы: онлайн сурамжылоонун алгачкы жыйынтыктары”
  • Улук Жапаракунов – И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика бөлүмүнүн доц.м.а., ф.и.к.: “Заманбап журналистерди даярдоодогу жаңычылдыктар жана маселелер”
  • Жанара Акматбекова – КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун доценти, ф.и.к.: “Кыргызстандын телекөрсөтүүлөрүндөгү мүчүлүштүктөр: изилдөөнүн жыйынтыктары”
  • Лира Калчаева – КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун улук окутуучусу: “Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн өнүгүү тенденциялары”.

 Иш-чара аяктаган соң меймандар улуттук колориттеги фуршеттен даам сызышты. Ал эми Кыргыз эл артисти, профессор М.Мамбетакунов институттун телестудиясында “Кыргыз телесинде режиссуранын калыптанышы жана өнүгүшү” деген темада кызыктуу мастер-класс өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Добавить комментарий