Илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмү Scopus, РИНЦ, Google Академия жана Orcid илимий-метрикалык маалыматтар базасын колдонуу боюнча окутуу иштерин жүргүзүүнү улантууда.

2023-жылдын 8-декабрында семинар №10-окуу имаратынын 315-кабинетинде юридикалык институттун жана колледждин, о.э. №5-окуу имаратынын 5-кабинетинде факультеттердин окутуучуларына өткөрүлдү.

Мындан сырткары, башкы имараттын 141-кабинетинде компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун окутуучулук-профессорлор курамына “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макаланы кантип жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D, АКШ Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев баяндама жасады.

Катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен бирге жаңы ийгиликтерди жарата бериңиздер демекчибиз.

Теманын негизги шилтемелери:

https://www.scopus.com/search/form.uri?display=basic#basic

https://orcid.org/

https://elibrary.ru/project_risc.asp

https://scholar.google.com/

(С) Рашитова Асел – иимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий