2023-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Манас эпосунун күнүнө карата кыргыз филологиясы факультети тарабынан уюштурулган  “Манас”эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, конокторду, окутуучу жана студенттерди Манас эпосунун күнү менен ректораттын жана өзүнүн атынан куттуктап, эпостун маани-маӊызы, кыргыз элинин өтмүшүндөгү жана келечегиндеги ролу тууралуу айтып өттү жана конференцияны ачык деп жарыялады.

Мамлекеттик гимн аткарылган соң, манасчы Асанаалы уулу Калил эпостон үзүндү айтып берди.

Конференциянын модератордук милдетин Назаркул Ишекеев аркалап, кезекти куттуктоо сөздөргө кезек берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Гүлжигит Токтошов министр Догдуркүл Кендирбаеванын жана өзүнүн атынан  куттуктап, иш-чаранын максаты, эпостун коомубуздагы орду, аны келечек муундарга жеткирүү,  жайылтуу жана даӊазалоо зарылды тууралуу айтты. Андан кийин ал бүгүнкү жана 10-ноябрдагы Илим күнүнө арналган  иш-чараны жогорку деӊгээлде өткөрүүгө салым кошкондуктары үчүн Назаркул Ишекеевге, Амантур Рыспаевге, Назгүл Турдубаевага, Максатбек Тиллебаевге жана Махабат  Сыдыковага министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.

Конференциянын пленардык бөлүгүндө төмөндөгүдөй илимий баяндамалар окулду:

1. Советбек Байгазиев – УИАнын ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор: “Манас” эпосунун руханий нарктары”

2. Садык Алахан – КУУнун мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, филология илимдеринин доктору, профессор: “Манас күнү” кантип белгиленген?”

3. Мээрим Көлбаева – УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору: “”Манас” эпосу: кечээ жана бүгүн”

4. Аскар Медетов – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты: “”Манас” эпосу жана улуттук аң-сезим”

5. Салтанат Сагидаева – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доцентинин м.а., филология илимдеринин кандидаты: “Манас” эпосундагы мамлекеттүүлүктүн белгилери жана улуу Жибек жолунун орду”

6. Шахзада Абдылдаева – КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун магистранты: “Кыргыз ашканасы “Манас” эпосунда (Сагынбай, Саякбай, Жүсүп Мамайдын мисалында)”.

Илимий баяндамаларды иш-чаранын катышуучулары кызыгуу менен тыӊдашты.

“Манас”эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрү аткарган “Манас” эпосунун гимни менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий