2025-жылдын 25-ноябрында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында «Туруктуу өнүгүү максаттарына» ылайык иш-планга киргизилген методологиялык семинар өткөрүлдү. Иш-чараны кафедранын профессору, педагогика илимдеринин доктору М.А.Сатыбекова «Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү» темасында алып барды.
Семинардын жүрүшүндө профессор М.А.Сатыбекова туруктуу өнүгүү түшүнүгүнүн мазмунуна токтолуп, анын концепциялык негиздерин кеңири айтып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жөнгө салуучу нормативдик документтерге талдоо жүргүзүлдү. Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатынын ар бирине түшүндүрмө берилип, аларды билим берүү чөйрөсүнө интеграциялоонун өзгөчөлүктөрү белгиленди.
Андан тышкары «Туруктуу өнүгүү — маданияттын гармониялык өнүгүүсү» темасында мазмундуу маек уюштурулуп, көрсөтмө материалдар жана технологиялык жабдууларды пайдалануу менен жогорку деңгээлдеги методологиялык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, с.и.к., доцент А.Р.Жусубалиев, КУУнун Стратегиялык өнүгүү борборунун башкы адистери — к.э.н., доцент Ж.М.Кемелдинова, А.Ш.Оторбекова, о.э. жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Методологиялык семинар туруктуу өнүгүүгө багытталган билим берүүнүн актуалдуулугун баса белгилеп, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын кесиптик компетенциясын өркүндөтүүгө маанилүү салым кошту.
(С) Нурбекова С.Н. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу