2025-жылдын 23-ноябрында Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Игоревна Аршинова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келди.
Орус саясатчысын биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев тосуп алып, Алена Аршиновага Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан белекке берилген көчмө окуу лабораториясын (автобусту) жана Евразия KЖ өкүлдөрү отургузган бак-дарактарды көрсөттү.
Андан кийин КУУнун чоң жыйындар залында Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова университеттин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.
Жыйынга биринчи проректор жана окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев модераторлук кылды. Кыскача тааныштыруудан жана Улуттук университеттин ишмердүүлүгү тууралуу видеотасма көрсөтүлгөн кийин, ал сөз кезегин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана “Евразия” АНО төрайымы Алена Аршиновага берди.
Ал өзү жетектеген уюмдун максаты жана ишмердүүлүгү, о.э. Кыргызстанда өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берип, КУУнун студенттерин “Евразия” коммерциялык эмес уюмунун иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда Орусиялык саясий ишмерге эстелик белектер тапшырылып, КУУнун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган кыскача концерт көрсөтүлдү.