2023-жылдын 1-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан уюштурулган “Ызгаардагы ыр өмүр” атту поэзиялык кече болуп өттү. Иш чараны департамент директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, студенттерге “руханий дүйнөңөрдү байытып, эс алып кеткиле” деген тилегин билдирди.

Кечеге конок болуп келген таланттуу жаш акын Максат Жамгырчиев университеттин таланттуу, ары ыр-ышкыбоз студенттери менен биргеликте өз калемине таандык ата-эне, өмүр, сүйүү жөнүндө ырларын окуп, катышуучулардын черин жазып, көңүлдөрүн көтөрүштү.

Кече абдан жогорку деңгээлде өттү.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий