2023-жылдын 5-декабрында 5-окуу имаратындагы “Манас өргөөсүндѳ” филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корр.-мүчѳсү, республиканын илимине эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдыкадыр Садыковдун адабий чыгармачылык кабинетинин ачылышына карата эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чараны кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып,  профессор Абдыкадыр Садыков тууралуу даректүү тасма кѳрсѳтүлдү.

Алгач эскерүү сөзү мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алаханга берилди. Ал А.Садыковдун адабий таануу илимине кошкон салымын айтып, анын эмгекчилдигин баса белгиледи. Андан соң сѳз  А.Садыковдун шакирттери Абдылдажан Акматалиев, Советбек Байгазиев, Бекташ Шамшиев, Гульзада Билбаева, Назир Сыдыков ж.б. агай-эжейлерге берилди. Алар эскерүү сөзүндѳ А.Садыковдун “Кыргыз залкарлары” деп аталган 15 томдук жыйнагынын орду, жалпы адабият таануу илимине кошкон салымы тууралуу сөз кылышты. Булардан тышкары агайдын туугандарынын атынан профессор Асан ϴмүралиев, КР Эл артисти Бейшенбек Мамбетакунов, замандаштарынын атынан профессор Эсенбек Мамбетакунов, Курманбек Абакиров, Бектурсун Байсабаевдер А.Садыков улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары алардын эсинде калгандыгын эскеришип, анын басып ѳткѳн өмүр жолу кесипкөйлүктүн жана чыгармачылыктын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деген ишенимин билдиришти.

Эскерүү кечесинен кийин А.Садыковдун адабий чыгармачылык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган кабинет Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын демилгеси, агайдын үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү жана ректораттын жардамы аркасында ишке ашты. Профессор А.Садыковдун өздүк китепканасы менен жабдууланган бул кабинет кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринин сапаттуу билим алышына натыйжалуу шарт түзөт.  

(С) Назир Сыдыков – филология илимдеринин кандидаты, доцент

Добавить комментарий