2023-жылдын 1-ноябрында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада математика жана информатика факультети тарабынан Эл аралык илим күнүнө карата уюштурулган “Оператордук теңдемелер, бир калыптагы топология, компьютердик моделдин түрү жана алардын колдонулуштары” аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жыйынды факультет деканы Изат Усенов ачып, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге сөз берди.
Проректор конференциянын катышуучуларын Илим күнү менен куттуктап, программисттердин ролу биздин жашоодо баа жеткис экендиги жөнүндө сөз кылды. Буга далил катары, карантин учурунда студенттердин окуусун үзгүлтүккө учуратпастан, аралыктан окутуу формасын колдонуп, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшап келген математик агай-эжейлерге өз ыраазычылыгын билдирди. Ал о.э. ийгиликтүү окутуу аудиториядан эмес, эффективдүү коммуникациялык сапаттарынан көз каранды экендигин белгилеп, пандемия учурунда дал ушул коммуникациялык, б.а. “сөз табыша билүү” сапаты, билимди жетишээрлик деңгээлде берүү үчүн окуу процессин интернет аркылуу онлайн режиминде, видеосабактар ж.б. башкы пайдалуу ыкмалар аркылуу студенттердин билим алуусуна кызыгуу жараткан сабактарды өтүү – дал ушул программист мугалимдерге тиешелүү болгонун айтты.
Колдонмо информатика багытынын башчысы, ф.-м.и.д, профессор, конференциянын уюштуруу комитетинин төрагасы Бекжан Темиров бүгүнкү иш чара – студенттердин илимий иштерин талкуулоочу аянтча экендиги жана конференциянын иштөө тартиби боюнча айтып, студенттерди мындан ары да өтө турган илимий иштерге бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов жарыш сөзгө чыгып, математика жана физика илимдери бири-бирин толуктап келээрин, бүгүнкү жыйын жаштар үчүн чоң мотивация болорун баса белгилеп, алардын мындан ары прогрессивдүү илим-билим алууларына тилектештигин билдирди.
Жыйындын биринчи бөлүгүндө профессорлор И.А.Усенов, Б.Э Канетов, Б.К.Темировдор пленардык докладдарды жасашты, экинчи бөлүгүндө секциялык иштер жүрүп, студенттер мурдатан белгиленген темалар боюнча баяндамаларды жасашты.
Студенттер жасаган баяндамалардан жыйындын катышуучулары математиканын табият таанууда ээлеген орду, математиканы өнүктүрүүсүз эч кандай прогресс мүмкүн эместиги, биздин келечектеги жашообуз IT технология, нанотехнологиялар менен тыгыз байланышта болоору, жасалма интеллект, Big data жана Робот түзүү программасынын алгачкы кадамы тууралуу кеңири маалымат алышты.
Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:
- Конференция жаш окумуштууларга илимий жетишкендиктерин талкулоочу аянтча болгондугу белгиленди;
- Конференцияны жылына 1 жолу Эл аралык илим күнүнө карата уюштуруп туруу милдети факультеттин жетекчилигине жүктөлдү.
- Илимий-тажрыйбалык конференциянын масштабын кеӊейтип, ЖОЖдор арасында уюштурулуучу конференцияга алып чыгуу каралды.
- Алынган илимий жыйынтыктарды КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышына жарыялоо маселеси колго алынды.
Жыйындын соңунда факультет деканы Изат Усенов студенттердин жасаган иш-аракетине ыраазычылык билдирип, алардын келечекте илимдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошооруна ишенээрин билдирди.
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент