География, экология жана туризм факультетинин 22 студенти 19-майдан 20-сентябрга чейин Түркиянын Анталия, Белек, Бодрум, Сиде, Измир жана Фетхие шаарларындагы беш жылдыздуу мейманканаларда практикадан өтүп келишти.

Анын жыйынтыктарына арналган отчеттук конференция 2025-жылдын 5-декабрында болуп өттү. Жыйынга факультеттин деканы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып, практиканын жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат берилди.

Практика учурунда студенттер тажрыйба топтоо менен бирге эмгек ишмердүүлүгүн да жүргүзүп, кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк алышты. Мисалы, ай сайын 800 доллардан 1400 долларга чейин айлык акы алып жатышты. Жаткан жери, тамагы, авиабилеттерди жана мейманканаларды түрк тарап камсыз кылып, студенттер үчүн акысыз болду. Практиканттар о.э. Түркиянын бир катар аймактарын кыдырып, тарыхый шаарларды изилдеп, жергиликтүү эл менен коммуникация түзүп, маданият жана туризм тармагы боюнча маанилүү таасирлерге ээ болушту. Бул мүмкүнчүлүк студенттердин кесиптик жана маданий дүйнө таанымын кеңейтүүгө зор салым кошту.

Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн студенттер факультетке ыраазычылык билдирип, телевизор белек кылышты.

Студенттердин Түркияга жөнөтүлүшү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен кызматташтык мамилеси бар SARMAN WORLD компаниясынын колдоосу аркылуу ишке ашырылды.

(С) Сарсеитова Аида – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий