2023-жылдын 1-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз-кытай институту тарабынан “Магистранттарды тосуп алуу” аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чараны институттун директору Софья Апаева ачып, сөз кезегин окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаевге берди. Проректор ККИнин магистранттарына студенттик билет жана жол картасын тапшыруу менен, куттуктоо сөздөрүн айтты.
Иш чаранын алкагында магистранттарга арналган концерттик программа да уюштурулуп, институттун жаштар комитетинин активдүү студенттери өз таланттарын тартуулашты жана магистрант-изденүүчүлөргө илимий ийгиликтерди каалашты.
Азем аяктаган соң, чет элдик магистранттар кыргыздын улуттук тамак-аш маданияты менен тааныштуу максатында улуттук тамак-аш фуршетине чакырылды.
(С) Радима Кочорбаева – илимий иштер боюнча директордун орун басары