Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Россия Федерациясында өткөн “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү” («Развитие медиа в меняющемся мире») аттуу КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык медиафорумуна катышты.

Ш.Костюк “Россия сегодня” эл аралык медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова, Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин массалык коммуникацияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Екатерина Ларина, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Елена Вартанова, “Мир” МТРКсынын төрагасынын орун басары, “Вместе” программасынын алып баруучусу Екатерина Абрамова, Жогорку экономика мектебинин медиа институтунун директору, телеалпаруучу, публицист Эрнест Мацкявичюс өңдүү медиа чөйрөсүнүн салмактуу өкүлдөрү менен бирге аталган медиафорумдун спикери катары чакырылган.

Эл аралык иш-чаранын алкагында  институт жетекчиси “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунун эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы” (“Опыт реализации международных проектов института журналистики и коммуникации Кыргызского национального университета имени Ж.Баласагына”) деген темада доклад жасады. 

Медиафорумдун жүрүшүндө бүгүнкү күндөгү журналистиканын маселелери, келечеги, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу, журналисттик кадрларды даярдоодогу бүгүнкү талаптар боюнча талкуулар жүрдү. 

“Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүүсү” КМШга мүчө өлкөлөрүнүн экинчи ирет уюштурулган медиафоруму – бул учурдагы медиа чөйрөнү талдоо, перспективаларды болжолдоо жана медиа-индустрияны өнүктүрүү тобокелдигине каршы туруу механизмдерин иштеп чыгуу, медиа чөйрөнүн эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий