2025-жылдын 4-декабрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 97 жылдыгына карата жана ККДжКЖ институтунун орто жалпы билим берүү бөлүм-программасынын гуманитардык илимдеринин жумалыгынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын академиги, институттун илимий иштери боюнча кеңешчиси Абдыганы Эркебаевдин Чыңгыз Айтматовго арналган “Өз элинин абийири” жана “Бар бол, адабият” деген китептеринин презентациясы болуп өттү.

Автор китептердин жазылышы жана мазмуну тууралуу айтып берди. Иш-чарага журналистика жана коммуникация институтунун, кыргыз филология факультетинин студенттери жана ККДжКЖ институтунун орто жалпы билим берүү программасынын окутуучулары менен 10-11-класстардын окуучулары катышып, жылуу маек катарында болуп өттү. Залда отурган студенттер суроолорун жолдоп, агайдын кызыктуу жоопторун алышты да, соңунда сүрөткө түшүштү.

(С) Бейшеналиева Берметинституттун башкы адиси

Добавить комментарий