2025-жылдын 1-декабрь күнү колдонмо информатика билим берүү программасынын доценти Шаршенбек Жусупкелдиев Математика жана информатика институтунун студенттери менен окутуучулар курамына “Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттары” долбооруна ылайык “Туруктуу өнүгүү үчүн IT технологияларын колдонуу” темасында дарс окуду.

Анын айтымында, IoT технологиясы түшүнүгү 1999-жылы биринчи жолу колдонулуп, бул ар кандай шаймандар, сенсорлор, техника, унаалар,өндүрүш жабдыктары интернетке туташып, бири-бири менен маалымат алмашкан технологиялар чөйрөсү.

Ал ошондой эле IoT технологиясы ТӨМдүн бардык тармактарында иш алып барып, алардын ичинде саламаттыкты сактоо жана жыргалчылык (саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жеткиликтүүлүгү), сапаттуу билим (санарип билим берүү), инфраструктура, инновациялар жана өнөр жай (жолдор, байланыш жана логистика), климаттын өзгөрүшүнө каршы аракет (парник газдарды кыскартуу) багыттарындагы аткарган жумушу өзгөчө мааниге ээ экендиги боюнча маалыматтарды берип, БУУга кирген 194 мамлекеттин аткарып жаткан иштери Жер шарынын температурасын 1990-жылдагы абалында сактоого, парник газдарынын эммисиясын азайтууну колго алууну көрсөтүү менен, 10.11-21.11. 2025-жылы Бразилияда болуп өткөн “КС-30” конференциясына да токтолду.

Иш чаранын жүрүшүндө IoT технологияларын колдонуу менен ишке ашырылган түзүлүш (датчики климат-контроля и газоанализаторы) Кыргыз айыл-чарба илим-изилдөө институтуна ишке киргизилгендигин, АКТВнедрения алынгандыгын,(5.10.2025-жыл), жумушчу климатты көзөмөлдөө сенсорлору жана газ анализаторлору абадагы 3 парник газды жана басым, температура, нымдуулукту бир эле убакытта онлайн режимде каттай алары, каттоодон 1 минутада 150-180 маалымат компьютерге, мобилдик телефонго келип түшөрү тууралуу маалымат, угуучуларга аябай зор таасир калтырды.

Сабактын соңунда, дарстын катышуучулары IoT технологиясы сенсорлор аркылуу маалымат чогултуп, маалыматты интернетке жиберип, ал маалыматка жараша автоматтык чечим кабыл алынып, адамга билдирүү берилерин жана башкарууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, акылдуу үй ( камералар, сигнализация, температураны башкаруу), акылдуу сааттар, унаалардагы GPS-тректер, өндүрүштүк сенсорлор, айыл чарбасындагы нымдуулук өлчөгүчтөр тууралуу кенен түшүнүк алышты.

Өтүлгөн дарс катышуучулар тарабынан жогорку бааланып, колдонмо информатика билим берүү программасынын жетекчиси, ф-м.и.д, профессор Бекжан Кайыпбекович, КРнын ТӨМ багыттарына IT технологияларын колдонуу тууралуу сабаттуу түшүнүк бергендиги үчүн доцент Шаршенбек Жусупкелдиевге ыраазычылык билдирип, ага мындан аркы педогогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетчү нерсе, парник газдар-бул атмосферада болуп, Жерден чыккан жылуулукту кармап калып, кайра Жер бетине кайтарган газдар. Б.а., алар Жерди жылуу кармап турган табигый эффектке себеп болот. Бул газдар көбөйүп кетсе-климат жылыйт, аба-ырайы өзгөрөт. Эгер алар өтө көбөйсө: глобалдык жылуулук өсөт, мөңгүлөр эрип, деңиз денгээли көтөрүлөт, кургакчылык, кату шамал, нөшөр сыяктуу климаттык өзгөрүүлөр болуп, катастрофалардын пайда болушуна шарт түзүлүп, экосистемаларга жана адамзаттын жашоо турмушуна олуттуу зыян алып келери шексиз.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий