2026-жылдын 29-май күнү 8-окуу имаратындагы конференц-залда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев окуу жайдын түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Ректор алгач катышуучуларды 31-майда белгиленүүчү Улуттук университеттин күнү менен куттуктап, быйыл майрамдык негизги иш-чаралар 30-май күнү КУУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлөөрүн билдирди.

Андан ары ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров курулуп жаткан 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулушуна Турукташтыруу фондунан 580 млн сом бөлүп берүү тууралуу жарлыкка кол койгонун кабарлап, бул жаңылык катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабуусу менен кабыл алынды. Жагымдуу кабардан кийин ректор окуу жайдын дүйнөлүк QS World University Rankings рейтингинде жана EdNet агенттигинин улуттук рейтингинде ээлеген орду, ректордун 18-22-май күндөрү Германияга болгон иш сапары, Эл аралык медицина жана илим институтунун аккредитациядан өтүшү, университеттеги иш-кагаздарынын абалы, «Университет» пансионатынын жайкы сезонго даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ал эми административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов 16 кабаттуу комплекстин ички дизайнынын эскиздерин көрсөтүп, сунуштарды берүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралды.

Добавить комментарий